Connect with us

Баткен — лимон өстүрүүгө ыңгайлуу аймак

Коом | 28 Янв 2019 | 1126 | 0

Учурда Баткен облусундагы күнөсканада лимон өстүргөн багбандар түшүмүн жыйнап жаткан маалы. Бүгүнкү күнү бышкандарын сатыкка чыгарышууда. Кадамжай районунун Халмион айылынын тургуну Тажикан Эргешова да пенсия курагында болгондугуа карабай 20 жылга жакын убакыттан бери күнөскана иштетип келет. Чакан кунөсканада лимон, апельсин, банан өстүрүлгөн.

-Алгач 17 жыл мурда үйдү күрөөгө коюп, банктан насыяга акча алып иш баштагам. Ошондо Өзбекстандан лимондун көчөттөрүн алып келгем. Алардын ичинен 27 түрү лимон, экөө апельсин болуп чыкты. Ошондон бери көчөтүн көбөйтүп отуруп 50гө жетти. Көчөттөр 3 жыл дегенде мөмө байлады. Лимондун 2 түрү бар. Бир түптөн 50 даанадан ашуун же 50гө жакын мөмө алам. Ар бир жылдагы түшүмдөн 50 миң сомдой киреше табам.

Баштап банктан насыя алып ишкерликти баштаган багбан учурда лимондон жылына 50-60 миң сомго чейин киреше табат. Учурда күнөсканасында лимон бышып сатыкка даяр. Лимонду базарга алып чыгып сатат. Андан сырткары өзүнүн атайын кардарлары да бар.

-Кудайга шугур кирешебиз мол. Өзүбүздүн мээнетибиз текке кетпей жылына кылган эмгегибиздин акыбети кайтат. Мен башкаларга да күнөскана иштетип же болбосо багбанчылык менен алектенип киреше табууга чакырып кетет элем. Албетте, бардык иште кыйынчылык болот, бирок аракет кылып жалкоолук кылбай эмгектенсе, ойдогудай киреше табууга сөзсүз болот демекчимин.

Каарманыбыздын айтымында, лимон дарагы күнөсканага отургузулгандан кийин төртүнчү жылы жакшы түшүм берип, кеткен чыгымдарды актай баштайт. Бирок жакшы түшүм алуу учун ага жакшы шарт түзүлүп кам көрүлүшү керек. Айта кетчү нерсе, лимон данегинен эмес көчөттөн отургузулат. Көчөттөн отургузулганы 3-4 жылда мөмөсүн бере баштаса, данектен өнүп чыкканы 20-25 жылда мөмө берет. Лимонду өстүрүү оңой. Жылуулугун сактап жакшы кам көрүлсө, өсүмдүк өз жемишин берет. Болгону, бул жемиш өтө назик, аяр мамилени талап кылат.

Көчөттөрдү ушул жылуулукта кармап, убагында сугарып жана атайын лимонго колдонулуучу дары-дармектердин жардамы менен 2 жыл кам көрсөң, кийинки жылы ал өз мөмөсүн берет. Ашыкча бутактарынан арылтып зыянкечтерден сактап турабыз. Убагында бутайбыз. Терип жыйнадык. Азыр эми банан да өстүрө баштадык

Ал эми агроном Абдыгапар Абдрахмановдун айтымында, лимон жылуулукту сүйүүчү цитрус өсүмдүгү болгон менен бүгүнкү күндө биздин аймакта да өсө тургандыгы маалым болду. Аткени Баткендин климаты жулуу келип, лимон өстүрүүгө ыңгайлуу. Ошондуктан лимон өстүрүүнү жайылтуу учур талабы. Анткени анын мөмөсү көптөгөн ооруларга пайдалуу болуп, алдын алууга жардам берет.

-Баткен облусу лимон өстүрүүгө ыңгайлуу. Мурда өстүрүлгөн эмес. Бирок акыркы убакта өстүрүлүлсө боло турганын билдик. Лимонду өстүрүүнү көбөйтүп, күнүмдүк жашообуздагы тамак-ашка көп колдонушубуз керек. Анткени лимондо көптөгөн витаминдер бар. Кан басымы менен ооругандарда колдонсо жакшы. Өтө пайдалуу, өтө керектүү өсүмдүк.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунда чакан күнөсканалар үй-бүлө бюджетин толуктоо учун кошумча киреше булагына айланууда. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тартып, аймакта өндүрүлгөн айыл-чарба продукцияларын чет жакка эскпорттоого шарт түзүлуп олтурат. Анын арты менен жергиликтуу багбан-дыйкандар өндүргөн продукциясынан жакшы киреше табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM