Биз менен байланышыңыз

Япония армиядагы кыз-келиндердин санын көбөйтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 559 | 0

Япониянын күч тузүмдөрү андагы кыз-келиндердин санын көбөйтүүнү пландоодо. 300 мин саны менен дүйнөдө сегизинчи орунда турган япон армиясынын 6,1 пайызын аялдар тузсө, 2030-жылга бул көрсөткүчтү 9пайызга чыгаруу максаты коюлду. Бул тууралуу СNN жазды.

Күн чыгыш өлкөсүндө калктын саны тездикте азайып баратканы армияга да көйгөй жаратууда. 2065-жылга карата калкынын саны 124 миллиондон 88 миллионго түшөрү күтүлүүдө.

Буга чейин армияга 27 жаштан өткөндөрдү албай келсе, мындан ары 18-32 жаш арасындагыжарандар алынууда.

Эске салсак, 1954-жылы курулган япон армиясында алгач аялдар медайым болуп гана кызмат кылчу. 1977-жылы гана армиянын катарына алына башташкан. Биринчи ирет 2001-жылы аял генерал пайда болсо, 2018-жылы аял капитан аскердик флотко башчылык кылган.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM