Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга келгендер 6 эсеге өстү

Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 588 | 0

Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн саны сегиз жыл мурункуга салыштырмалуу 6 эсеге өстү.

Бул тууралуу өкмөттүн жалпы жыйынында Миграция кызматынын төрайымы Алина Шаикова кабарлады. Анын айтымында, 2010-2011-жылдары каттоого турган чет өлкөлүктөрдүн саны 700 миңден ашык болсо, өткөн жылы 4млн 500миңге жеткен.

Анткен менен каттоого турбай белгилүү мөөнөттө өлкөдөн чыгып кеткендер дагы арбын. Мыйзам боюнча чек арадан кирген 45 мамлекеттин жарандары 60 күнгө чейин каттоого алынбай турганын да белгиледи Шаикова.
Мисалы, катталбагандардын ичинде Ватикан, Люксембург өлкөлөрүнүн жарандары да бар.

Кошумчалай кетсек, каттоодон өтпөгөн жарандын эң чоң саны Түштүк Кореядан келгендерге таандык. Кийинки орунда АКШ жана Германиянын жарандары турат.

Copyright © 2017 Maral FM