Биз менен байланышыңыз

Венесуэла кризиси: Дүйнө кимди колдойт?

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 1033 | 0

Венесуэладагы саясий кризиске эми дүйнө эли да аралашты. Бир тарабы расмий президент Николас Мадурону колдосо, көпчүлүгү митингчилер президент деп жарыялап алган Хуан Гуайдону башчы катары тааный турганын билдиришти.

Латын Америкасындагы коңшу Перу, Бразилия, Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Панама, Колумбия, Парагвай, Аргентина жана Эквадор сыяктуу өлкөлөр оппозиция лидери 35 жаштагы Элдик Ассамблеянын башчысы Хуан Гуайдонун бийлигин таанышты. Ал эми Уругвай, Куба жана Боливия Венесуэланын президенти катары Мадурону гана кабыл аларын ачыкташты.

Биринчилерден болуп Гуайдону расмий президент деп тааныган АКШ бийлигине каршы Мадуро өлкөнүн дипломатиялык мамилелерин токтотуп, америкалык дипломаттарды 72 саат ичинде Венесуэладан чыгып кетүүсүн талап кылды.

Жаш лидердин бийлигин Европадан Улуу Британия, Франция, Украина, Грузия жана Албания кабыл алса, Туркия,  Орусия жана Кытай мамлекеттеринин башчылары Мадурого колдоолорун билдиришти.

Булардан башкалары калыс көз караштарын карманып турушат.

Эске салсак, Латын Америкасынын түндүк тарабында жайгашкан Венесуэла өлкөсү акыркы бир аптада кызуу саясий лагерге айланды. Беш жылдан бери мамлекетти башкарып келе жаткан Николас Мадуронун бийлигин коррупция, диктатура жана өлкөдөгү жумушсуздукка айыптаган жүз миңдеген эл аянттарга чогулушту. Акыркы 25 жыл ичинде үч жолу аскердик төңкөрүштү башынан өткөргөн Венесуэланын күч түзүмдөрүнө коомчулук көңүл бөлүп турушат. Азырынча өлкөнүн армиясы Мадуронун өкүмүндө.

 

Copyright © 2017 Maral FM