Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: алгачкы жарым финалчылар аныкталды

Без рубрики , Кыска кабар | 25 Янв 2019 | 664 | 0

Азия чемпиондугунун чейрек финал беттештери жүрүүдө. Алгачкылардан болуп беттешкен Вьетнам-Япония курамалары 0:1 эсебинде ойноп, жарым финалдын алгачкы жолдомосун япониялыктар илип кетишти. Чечүүчү голду япон жарым коргоочусу Рицу Доан пеналтиден киргизди.

Ал эми экинчи жуп  Кытай-Иран улуттук курамалары болуп, перстер 3:0 эсебинде утуп, кытайлыктарга мүмкүнчүлүк берген жок. Оюнда өзгөчөлөнгөн  Сердар Азмун бир голду өзү киргизип, бирөөнү өткөрүп берди. Эки топту Мехди Тареми менен Карим Ансарифард камсыздады.

Жарым финалда дал ушул Иран менен Япония футболчулары бет келишмекчи.

Бүгүн Түштүк Корея-Катар жана БАЭ-Австралия командалары беттешет. Жеңүүчү эки курама жарым финалда ойношот.

Эске салсак, кыргыз курамасы бул чемпионатка алгачкы ирет катышып, плей-офф баскычына чейин жетип келди. Акыркы беттеши талаа ээлери БАЭ менен болуп, калыстын орунсуз берген жаза тебүүсү менен 3:2 эсебинде утулуп, оюндан четтеди.

Copyright © 2017 Maral FM