Биз менен байланышыңыз

Футбол Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстан- Япония 0:2

Кыска кабар | 14 Ноя 2019 | 839 | 0

Бүгүн, 14-ноябрда Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына тандоо турунда Япония менен беттешип, 0:2 эсебинде Япониянын улуттук курама командасына утулуп калды.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү.

Кыргызстан курамасы 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо этабында Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары менен «F» тайпада күч сынашууда.

Япония 12 упай менен тизменин сап башында келе жатат. Кыргызстан 6 упай топтоп, экинчи сапта позициясын кармап турат.

Copyright © 2017 Maral FM