Биз менен байланышыңыз

«Футболчулар өздөрүнө ишенишет»

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2019 | 917 | 0

Спортто жеңишке жетүүдөгү негизги ролдордун бири — башкы машыктыруучу менен команданын ортосундагы байланыш. Биздин команданын өзгөчө артыкчылыгы – экөөнүн ортосунда ишеним өтө күчтүү. Мындай пикирин Кичи футбол ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев билдирди.

— Бул — эң чоң факторлордун бири. Команда башкы машыктыруучуга, анын дараметине ишенет, башкы машыктыруучу команданын дараметин, өзгөчөлүктөрүн билет. Бул — биздеги бирден-бир артыкчылыгыбыз. Спорт оюндарында психологиялык фактор маанилүү орунду ээлейт. Ошондо гана жакшы көрсөткүч болот. Бизде психологиялык жактан биздин команда менен машыктыруучунун ортосундагы түшүнүү жогорку деңгээлде. Ошол эле учурда, экөөнү бириктирген максат бир болгондуктан, жеңиш ишенимдүүрөөк болот деп ойлойм.

Ошондой эле, команданын тайпадан жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин белгиледи.

— Биздин тайпадан чыга аларыбызга толук негиз бар. Эң негизгиси команда да, машыктыруучу да өздөрүнүн күчүнө ишенип жатат. Бул — өзүн-өзү көтөрүү эмес. Биздин команданы эл аралык деңгээлде билип да калышты. Эң негизгиси, командадагы оюнчулар: «Биз ойной алат экенбиз. Азиядагы башка командалар менен тең тайлашып, жакшы жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар экен», — деп өздөрүнө ишеништи. Муну өткөн Азия чемпионатында көрдүк. Бул өтө чоң ролду ойнойт. 

Copyright © 2017 Maral FM