Биз менен байланышыңыз

Александр Крестинин: Чүчүкулакта жакшы тайпага туш келдик

Кыска кабар , Спорт | 18 Июл 2019 | 980 | 0

Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 2022-жылдагы Дүйнө жана 2023-жылы болуучу Азия Кубогуна тандоо туруна өткөн чүчүкулактын жыйынтыгы боюнча пикир айтты. Бул тууралуу өлкөнүн Футбол федерациясынын расмий сайты жарыялады.

Крестинин Кыргызстан курамасы жакшы тайпага туш келгенин белгилеген.

«Чүчүкулак нормалдуу болду. Жакшы тайпага туш келдик. Өзүбүздүн оюнубузду көрсөтүп, баары менен таймашабыз. Биз каршылаш ким болбосун таймаша алаарыбызды, эң кыйын учурда да акырына чейин күрөшө турганыбызды буга чейин көрсөттүк. Команда өзүнүн кайраттуулугун көрсөттү.

Учурда биздин эң төмөнкү милдет 2023-жылдагы Азия Кубогу мелдешине жолдомо алуу болуп турат. Буга биздин курамдын күчү жетет. Футболдо мүмкүн эмес деген нерсе жок», — дейт Кыргызстан улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Аленксандр Крестинин.

Эске сала кетели, кечээ футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылдагы Азия Кубогу үчүн тандоо туруна чүчкулак тартылып, Кыргызстан улуттук курамасы Жапония, Тажикстан, Мяньма жана Монголия курамалары менен бирге «F» тайпасына жайгашты.

Copyright © 2017 Maral FM