Биз менен байланышыңыз

Перу курамасы Америка Кубогу мелдешинин финалына чыкты

Кыска кабар , Спорт | 4 Июл 2019 | 747 | 0

Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Америка Кубогунун жарым финалында перулуктар эки жыл удаасы менен чемпион болгон Чили курамасын 3:0 эсебинде утуп, сенсация жаратты.

Беттештин 21-мүнөтүндө чабуулчу Эдисон Флорес гол киргизип, эсеп ачты. 38-мүнөттө хавбек Йосимар Йотун аны эки эселетти. Беттештин 91-мүнөтүндө перулуктардын чабуулчусу Герреро гол киргизип, ири эсепке айлатты.

Кошумча берилген убакыттын акыркы мүнөтүндө Перу курамасынын дарбазасына пенальти берилди. Чилинин чабуулчусу  Эдуардо Варгас аны киргизе алган жок.

Эсеп 3:0. Перулуктар финалда.

Финалда Перу курамасы Аргентинаны утуп чыккан Бразилия курамасы менен беттешет.

Америка Кубогунун быйылкы Бразилия – Перу финалдык оюну 7-июлда айтылуу «Маракана» стадионунда өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM