Биз менен байланышыңыз

Президент Крестининге «Данакер» орденин тапшырды

Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 955 | 0

«Бул күндөрү биздин жүрөктөр өлкөбүз үчүн сыймыктануу жана силердин эң сонун оюнуңар, мекенчилдигиңер жана каарман эмгегиңер үчүн ыраазы болуу сезимдерине толуп турат». Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо аземинде билдирди.

Жээнбеков курама команданын футболчулары чоң спортто алгачкы кадам таштаган көптөгөн балдар, жаш өспүрүмдөр үчүн үлгү болуп калышканын белгиледи.

«Жеңилүү ызасы кетет, ал эми сыймыктануу сезими ар дайым биз менен калат деген пикирди колдойм. Силер — бүт өлкөбүздүн сыймыгысыңар! Силер ийгиликтүү команда катары калыптанып калганыңарды эч ким тана албайт. Силердин эмгегиңер менен биз футбол өлкөсү катары таанылдык. Мен Кыргызстан элин, бардык күйөрмандарды, футболчуларды, өлкөнүн Футбол федерациясын жана кызмат кылган бардык азаматтарды силердин эң сонун оюнуңар менен куттуктайм. Биз үчүн силер жеңүүчүсүңөр!», — деди Жээнбеков.

Ал курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин эмгегин өзгөчө белгилеп “Данакер” ордени менен сыйланарын айтты. Ошондой эле «Дордой» спорт клубунун президенти Аскар Салымбековго кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон жеке салымын белгиледи.

 

Copyright © 2017 Maral FM