Биз менен байланышыңыз

Киев соту Януковичти «мекен чыккынчысы» деп тааныды

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 488 | 0

Киевдин Оболонь райондук соту мурунку президент Виктор Януковичтин үстүнөн ачылган кылмыш ишин карап жатат. Аны мекенге чыккынчылык кылууга айыптап жаткан сот, өз чечимин Януковичтин сыртынан чыгарды. Анткени Виктор Янукович өзү 2014-жылдан бери чет өлкөдө качып жүрөт.

«Күнөөлүүнүн айыптарды четке какканына карабай, сот күбөлөрдүн жана талдоочулардын пикирин, документтерди жана далил буюмдарын карап, жактоочу жана айыптоочуларды  уккан соң анын бир катар кылмыштарды иштегенин далилдеп, ага «мамлекетке чыккынчылык кылды» деген чечимин чыгарды»,-делет документте.

Чыккынчылык беренеси Януковичке тагылган айыптардын бирөө гана. Аларды Порошенконун бийлиги 2017-жылы төңкөрүштөн кийин козгогон. Прокуратура аны өмүр бою эркинен ажыратууну сураган, бирок кийин аны 15 жылдык түрмө жазасына өзгөрткөн. Янукович өзү айыптарды кескин түрдө четке кагууда.

Эске салсак, Виктор Янукович 2010-жылы Украинанын президенти болуп шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM