Биз менен байланышыңыз

Кулов: Бийлик үлгү болсо коррупцияны азайтуу мүмкүн

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Янв 2019 | 700 | 0

Коррупция татаал меселе. Бирок бийлик катуу саясат жүргүзүп, үлгү боло алса паракорчулукту азайтуу мүмкүн. Бул тууралуу «Ар-Намыс» саясий партиясынын лидери Феликс Кулов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коррупция кайсы бир мамлекетте азыраак болсо, башка өлкөдө көп. «Балык башынан сасыйт» дегендей мамлекетти башкаргандар өзүн кандай алып жүргөнү абдан маанилүү. Адамдар кааласа да 100% тең укуктуулук орун албайт. Ага экономикалык жана социалдык абал сыяктуу бир топ себептер бар.

«Алсак, кээ бирөө ден соолугуна байланыштуу жакшы иштей албайт. Мындан улам жетиштүү каражат таба албашы мүмкүн. Кыргызстанда болуп өткөн 2 революцияны алалы, талап-тоноочулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып эл көтөрүлгөн убакта түрдүү буюмдарды уурдоого жетишти. Жадагалса аялдар дагы дүкөндөрдөн товар тоноп кеткен окуялар болду» , — дейт Кулов.

Кулов өлкөдөгү коррупциялык көрүнүштөр бийликтин иш-аракеттеринин көрсөткүчү экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM