Биз менен байланышыңыз

Венесуэлада дагы бир президент пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Янв 2019 | 696 | 0

Венесуэланын Элдик ассамблеясынын башчысы, оппозиция лидери Хуан Гуайдо миңдеген митингчилердин алдына чыгып, президенттик милдетти кабыл алганын айтып, өзүн Венесуэланын президентинин убактылуу милдетин аткаруучу деп жарыялады. Бул тууралуу эл аралык басылмаларда чыкты.

«Менин вазыйпам бийликти басып алууга жол бербөө, убактылуу өкмөттү тузүүгө көмөк көрсөтүү жана акыйкат шайлоону уюштуруу болуп саналат»,-деди Венесуэланын бейрасмий президенти.

АКШ лидери Дональд Трамп Гуайдонун президенттигин таанырын расмий жарыялады. Коңшу Бразилия, Перу жана Колумбия бийликтреи да Гуайдону расмий башчы катары таанышты. Мексика болсо венесуэлалыктарды президентин мыйзамдуу жолдор менен тандоого чакырды.

Буга жооп кылып Каракас шаарында өзүнүн колдоочулары менен жолугушууда Венесуэланын расмий башчысы Николас Мадуро АКШ менен дипломатиялык мамилелерин токтотконун, өлкөдөгү америкалык дипломаттардын 72 саат ичинде чыгып кетүүлөрүн талап кылды.

Эске салсак, Венесуэла Латын Америкасындагы эң коррупциялашкан жана жакырчылыкка баткан өлкө болуп саналат. Акыркы беш жылда 4 миллиондон ашуун жаран жумушсуздук жана ачкачылыктан сыртка чыгып кеткен. Мадуро өткөн жайда  шайлоодо утуп, президенттик антын январ айында гана берди. Бул анын экинчи мөөнөткө шайланышы болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM