Биз менен байланышыңыз

Депутат 55 чет өлкө менен 60 күнгө визасыз катташуу келишиминин узартуу демилгесин көтөрдү

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 704 | 0

Жогорку Кеӊештин депутаты Дастан Бекешев Кыргызстандын 55 өлкө менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу келишиминин мөөнөтүн андан ары узартуу демилгесин көтөрдү.

Анын айтымында, бир катар чет өлкөлөр менен 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтү 2020-жылдын 31-декабрында аяктайт. Ошого байланыштуу келишимдерди азыртадан узартуу зарыл.

Эл өкүлү мындай келишимдер өлкөнүн экономикасын жана туризм тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилеп, мыйзамдарды либералдаштыруудан коркпоого чакырды.

Ал эми Улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү өлкөнүн ички жана тышкы коопсуздугун эске алып, мындай мыйзамды кабыл алуу азырынча эрте экендигин белгиледи.

Ошондой эле бул мыйзам кабыл алынса, чет өлкөлүк көптөгөн качкындарды аргасыз кабыл алууга туура келээрине токтолуп, келгиндердин арасында террордук жана экстремисттик топтордун мүчөлөрү болуп калышы мүмкүн экенин кошумчалады.

Буга кошумча Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов көптөгөн өнүккөн өлкөлөрдө болгон теракттар атайын текшерүүлөрдөн өтүп, Шенген визасын алган адамдар тарабынан жасалып жатканын эске салды.

Мындай пикирди Өкмөт, Тышкы иштер министрлиги, Ички иштер министрлиги, Туризм департаменти жана ошондой эле бир катар депутаттар да колдой турганын билдиришти.

Белгилей кетсек, бул маселе Жогорку Кеӊештин тармактык комитетинде каралганда, Өкмөт мурда келишим түзүлгөн 45 өлкөнүн тизмесине дагы 10 мамлекетти кошуу, 60 күнгө чейин визасыз катташуу мөөнөтүн 2030-жылга чейин узартуу сунушун берген. Алар: Болгария, Кипр, Румыния, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино, Чили, Аргентина, Оман. Демилгечи мындай сунушка макул болгон.

Copyright © 2017 Maral FM