Биз менен байланышыңыз

АКШ эмне үчүн визага чектөө киргизет? Эксперттин жообу

Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 1631 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп бир топ өлкөлөргө виза берүү боюнча чектөө киргизүүнү пландап жатат. Алардын арасында Кыргызстан да бар экендигин америкалык басылмалар жазып чыгышты. Эмне себептен Кыргызстан АКШнын чектөө сала турган өлкөлөрүнүн тизмесине кирди? Бул суроо менен эл аралык мамилелер боюнча серепчи Эдил Осмонбетовго кайрылдык:

-Биринчиден, маалыматты такташ керек. Толук киргизеби-киргизбейби так эмес. Америкалык басылмаларды карасаңар, Кыргызстан киргизилиши мүмкүн деп эле жазылып жатат да. Расмий документ менен бекитиле элек азырынча.

Андан сырткары, алардын кандай шарттары бар, ошону караш керек. Баарына эле тыюу салып, жаап салган жок да.

Бизде бүгүнкү күндө бир көйгөйлүү маселе бар. 2015-жылдан бери биздин өкмөт менен АКШ өкмөтүнүн ортосунда келишим жок. Келишимдин жоктугуна 5 жыл болуп калды. Мунун да таасири чоң. Борбордук Азияны алганда Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан өлкөлөрүнүн АКШ өкмөтү менен келишимдери бар, жакшы иштешет. А бизде качан келишим түзүлөрү да белгисиз. 

-Жакында эле Кыргызстан БУУда Крым маселеси боюнча Москваны колдоп добуш берген. Айрым эксперттер ушуга байланыштуу болушу мүмкүн деп жатышат. Буга пикириңиз кандай?

-Кошулбайм, ал нерсенин эч кандай тиешеси жок. Бул сөзсүз түрдө терроризм, же экстремизмди токтотууга байланыштуу маселе. АКШ мындай мыйзамды башка өлкөнүн жарандарынын Америкага кирүүсүнө каршы кабыл алат. Алар да өзүнүн коопсуздугун ойлошот. Ал эми мунун Крым маселесине эч кандай тиешеси жок. Кыргызстандын сөзсүз бул тизмеге кирери да азырынча так эмес.  

-Стамбулда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаити кыргыз жарандыгына ээ болгондугу аныкталды. Бул чырдуу маселенин да тиешеси болушу мүмкүнбү?

-Анысын билбейм. Биринчи бул маселе боюнча расмий маалымат чыксын, мамлекеттик департамент ырастасын, андан кийин гана себебин так аныктай алабыз.


Америка Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизет

Copyright © 2017 Maral FM