Биз менен байланышыңыз

Америка Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизет

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Янв 2020 | 2714 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп бир топ өлкөлөргө Америкага кирүүсүнө чектөө киргизүүнү пландап жатат. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Бул тууралуу америкалык басылмалар Ак үйгө шилтеме кылып жазууда.

Маалыматка ылайык, Трамп дагы 7 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизүүнү көздөп жатат. Алар: Кыргызстан, Беларусь, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея мамлекеттери. Трамп өзү да бул маалыматты ырастап, бирок андан башка эч кандай маалыматты айткан жок.

Бул тизменин соңу эмес, дагы өзгөртүүлөр кириши мүмкүн. Акыркы тизме 27-январда жарыяланары айтылууда.

Чектөөлөр жарандардын өлкөгө кирүүсүнө толук тыюу эмес, визанын айрым түрүнө же калктын бир катмарына колдонулушу ыктымал.


АКШ эмне үчүн визага чектөө киргизет? Эксперттин жообу


Кыргызстандын АКШдагы мурунку элчиси Кадыр Токтогулов Твиттердеги баракчасында Кыргызстандын америкалык визадан чектөө алуу ыктымалдуулугу жогору экендигин жазды. Бирок бул тыюу салуулар буга чейин виза алган жарандарга зыяны тийбей турганын кошумчалады.

Дональд Трамп 2017-жылдын январында 7 мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүсүнө тыюу салган. Кийинчерээк алардын катарынан Чад, Ирак жана Судан мамлекеттери чыгарылган.

Трамптын мындай аракети укук коргоочулардын кескин сынына кабылып, дүйнө жүзү боюнча талкуу жараткан. Кийинчерээк АКШнын жогорку соту «Трамп мындай жарлык берүүгө укуктуу» деген. Бирок, сот Иран, Ливия, Сомали, Сирия жана Йемен сыяктуу мусулман өлкөлөрүнүн жарандарына Америкага кирүүгө тыюу салынышын диний душмандык катары баалаган эмес.

Politico порталынын маалыматына караганда, президенттин администрациясы бул чектөөнү өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалган жемиштүү кадам деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM