Биз менен байланышыңыз

«Визалык чектөөнүн себеби, Кыргызстандын берип жаткан паспортунун аброюнда»

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 917 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп бир топ өлкөлөргө виза берүү боюнча чектөө киргизди. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Эмне себептен Кыргызстан АКШнын чектөө салган өлкөлөрүнүн тизмесине кирди? Бул суроо менен Тышкы иштер министринин мурунку орун басары Аскар Бешимовго кайрылдык:

-Чет өлкөнүн жарандыгын алуу Америкада эле эмес, Европа өлкөлөрүндө да кыйындап баратат.
Бул саясий айдыңда эмес, бул биздин Кыргызстандын берип жаткан паспортунун аброюнда. Азыр көп эле кримтөбөлдөр да биздин паспортту колдонууда. Бул боюнча канчалаган жаңжалдар чыкты, иштер козголду. Бирок, ошол эле учурда бул маселе дагы деле токтой элек. Жакында эле мына Саймаитиден биздин паспорт чыкты. Дагы башка кытайлык ишкерлерден чыгып жатты. Ошонун негизинде ар бир мамлекет өзүнүн коопсуздугун коргоо үчүн бизге ушундай чектөөлөрдү салып жатат. Кайсы өлкөлөрдүн катарына кошулганыбызды көрдүңүздөр. Согуш жүрүп жаткан, кедей, стабилдүүлүгү жок өлкөлөрдүн арасында жүрөбүз. Буга мамлекеттин ичинде жүрүп жаткан документтик кырдаал негизги себеп болду.

Белгилеп өтсөк, Трамп дагы 7 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизди. Алар: Кыргызстан, Беларусь, Мьянма, Нигерия, Судан, Танзания жана Эритрея мамлекеттери. Аталган өлкөлөргө чектөө киргизилерин америкалык басылмалар бир жума мурда эле жазып чыгышкан. Ошентсе да, Кыргызстандын айрым серепчилери, балким, ал тизмеге кирбей калабыз деген үмүттөрүн жашырышкан эмес.

Буга чейин, Дональд Трамп 2017-жылдын январында 7 мусулман өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган. Кийинчерээк алардын катарынан Чад, Ирак жана Судан мамлекеттери чыгарылган.

Трамптын мындай аракети укук коргоочулардын кескин сынына кабылып, дүйнө жүзү боюнча талкуу жараткан. Кийинчерээк АКШнын жогорку соту «Трамп мындай жарлык берүүгө укуктуу» деген. Бирок, сот Иран, Ливия, Сомали, Сирия жана Йемен сыяктуу мусулман өлкөлөрүнүн жарандарынын Америкага кирүүгө тыюу салынышын диний душмандык катары баалаган эмес.

Politico порталынын маалыматына караганда, президенттин администрациясы бул чектөөнү өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалган жемиштүү кадам деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM