Биз менен байланышыңыз

АКШнын визалык чектөөсү. Быйыл грин-карта уткандар Америкага бара албайт

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2020 | 1500 | 0

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмү Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык эмес визаларды берүүнү улантууда. Бул тууралуу консул Алисса Биб билдирди.

Иммиграциялык эмес визаларга саякат, бизнес, тажрыйба алмашуу жана студенттик визалар кирет. Визанын мындай түрлөрүнө чектөө киргизилген эмес.

  • Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп АКШга туруктуу жашап калууга чектөө салган 6 өлкөнүн ичине Кыргызстанды да кошкон.
  • Документ Нигерия, Эритрея, Мьянма жана Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына барып иштеп, туруктуу жашап калуусун чектейт.
  • Жаңы тыюу салуулар 22-февралда күчүнө кирет. Мындай өзгөрүүлөр буга чейин виза алган жана АКШда жашоого уруксаты болгон жарандарга таасир этпейт.

Консул Diversity Visa 2021 (грин-карта) — визалык лотереясына тапшырып, жообун күтүп жаткандар грин-карта утуп калса, кандай болору тууралуу айтып өттү:

«Азыркы визалык чектөөлөр жоюлмайынча буга тапшыргандардын көпчүлүгү АКШга барууга уруксат ала албайт»,- дейт Биб.

Анын айтымында, Америка 6 ай сайын бул чектөөлөрдү карап тургандыктан, Кыргызстан биометрикалык паспортторду киргизсе, чектөөлөрдүн алынышына шарт түзмөк.

Ошондой эле, кыргызстандыктар алдыдагы лотереяларга арыз тапшырып, катышса болорун белгиледи.

«Чектөөлөр иштеп турганда виза алууда кыйынчылыктар болот, ошентсе да визаны алууга такыр мүмкүнчүлүк жок эмес»,- деп белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM