Биз менен байланышыңыз

АКШ Кыргызстанга виза берүүгө чектөө киргизди. Себебин элчи түшүндүрдү [видео]

Кыска кабар | 1 Фев 2020 | 2299 | 0

31-январда, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына иммиграциялык жана грин-карт (Diversity Visa) визаларын алууга чектөө киргизди. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу билдирди.

Маалыматка караганда, Кошмо штаттары кыргыз паспортторунун аброю, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдируүдө. Америка Кыргызстан чыгарган паспорттордогу коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизет.

Элчинин айтымында, бул чечим кыргыз паспортунун коргоо деңгээлин жогорулатуу жана терроризм тууралуу өкмөт аралык кошумча маалымат алмашуу процедураларынын тезделишин шарттайт.

АКШ элчилиги мейман визаларын, жана анын ичинде туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат.

Кошумчалай кетсек, бул визалык чектөөлөр буга чейин алынган иммиграциялык жана грин-карт визаларына таасирин тийгизбейт.

Visa Restrictions Full Video

🇺🇸🇰🇬| 31-январда Америка Кошмо Штаттары Кыргыз иммигранттарын келүүсүн токтотууга алып келүүчү иммиграциялык жана «Грин-кард» (Diversity Visa) визаларын берүүгө чектөө киргизди. Кошмо Штаттары кыргыз паспортторунун жакшы аты, жана аларды чыгаруу процессине байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. АКШ элчилиги мейман визаларын, жана башка, анын ичинде, туристтик, бизнес, студенттик жана алмашуу долбоорлоруна арналган визаларды берүүнү улантат. Президенттин 9645-прокламациясы (иммиграциялык жарлык) бир катар мамлекетке анын ичинде Кыргыз Республикасына карата, алар чыгарган өздүгүн аныктаган документтериндеги коопсуздук чараларынын жетишсиздигинен улам визалык чектөөлөрдү киргизет. Биз процедуралык мүчүлүштүктөрдү жокко чыгаруу максатында Кыргыз Республикасы менен алып барган ишибизди улантмакчыбыз.______________________🇺🇸🇰🇬| 31-го января Соединенные Штаты Америки наложили ограничения на иммиграционные визы и «Грин-кард» визы (Diversity Visa), которые приостанавливают въезд кыргызских иммигрантов. Соединенные Штаты обеспокоены репутацией кыргызских паспортов, а также процессом их выдачи. Посольство США в Бишкеке продолжит выдачу гостевых, а также других типов виз, таких как, туристические, деловые, студенческие и визы для обменных программ. Президентская прокламация 9645 налагает визовые ограничения для нескольких стран, включая Кыргызскую Республику, в связи с недостаточностью мер безопасности в выпускаемых ими документах удостоверяющих личность. Мы будем продолжать работать с Кыргызской Республикой для устранения процедурных недостатков._______________________🇺🇸🇰🇬| On January 31, the U.S. imposed immigrant and diversity visa restrictions that suspend the entry of Kyrgyz immigrants. The United States is concerned about the integrity of Kyrgyz passports and the issuance process. The U.S. Embassy in Bishkek will continue to issue nonimmigrant visas for other purposes, such as tourism, business, students and exchanges. Presidential Proclamation 9645 imposes visa restrictions on several countries, including the Kyrgyz Republic, determined to have security deficiencies in their travel documents. We will continue to work with the Kyrgyz Republic to address procedural deficiencies.#USEmbassyKG #Kyrgyzstan

Опубликовано U.S. Embassy Bishkek, Kyrgyz Republic Пятница, 24 января 2020 г.


Америка Кыргызстандын жарандарына виза берүүгө чектөө киргизет


Copyright © 2017 Maral FM