Биз менен байланышыңыз

Унаасынын айнегин караңгылаткандарга 280 миң сомдук айып пул салынды

Кыска кабар | 22 Янв 2019 | 542 | 0

22-январда айнегин караңгылатып алган унааларга каршы рейд жүргүзүлүп, 94 протокол түзүлдү. Аны Транспорт жана жолдор министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте өткөрдү. Анын негизинде мыйзамды сактабаган айдоочуларга 282 миң сомдук айып салынды.

Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты. Рейд 14 саат 30 мүнөткө созулган.

Салынган айып пулду жеке жактар банк аркылуу 3000 сомду, ал эми юридикалык жактар 13 миң сомду 30 күн ичинде төгүшү керек. Көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде төлөнбөсө, кийин күнүнө 1 пайыздан туум кошула берет.

Белгилей кетсек, жаңы кирген “Бузуулар жөнүндө” кодекстерде айнегин караңгылаткан унааларга Транспорт жана жолдор министри чара көрөрү айтылган.

Ага чейин бул ишти Ички иштер министрлиги аткарып келген. 1-январдан тарта мындай жоопкерчилик Транспорт жана жолдор министрлигине өткөн. Бирок аталган ведомство аны кайра ИИМге өткөрүү боюнча сунуш берген. Өткөн жылдын аягында Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, кийин 1-окууда жактырылган. Ал Ички иштер министрлигине өткөрүлгөнгө чейин эки министрлик биргеликте рейддерди уюштуруп турушмакчы.

Copyright © 2017 Maral FM