Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Китепканаларды маалыматтык болборго айлантуу иштери жүрүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 22 Янв 2019 | 594 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде маданият жаатында бакшкаруучулардын адамдык ресурсу аз экенин билдирди.

Анын айтымында, артист адам башкаруучу боло албайт. Коомчулук маданий мекемелерди жетектөө үчүн маданият тармагындагы адамдар келиши керек деген түшүнүктөн арыла элек.

«Мен туризм жаатында иштеп келгем. Мени окуу жайда да, тажрыйбам дагы башкаруучулукка үйрөттү. Көйгөйлөрдү таап чыгуу жана чечүү жолун издөө менен кайсы гана тармакта болбосун иштеп кетүүгө болот. Кеңешчилерим бар, алар маданият тармагында иштеген адамдар. Мындан сырткары, ар бир облуста бирден коомдук кеңешчим бар. 2019-жылы бурулуштук бир канча маселелерди чечебиз. Алсак, айылдык китепканаларды маалыматтык болборго айлантуу боюнча иштер жүрүүдө. Театрларды дагы ири бурушултар күтүп жатат. Туризм багыты боюнча дагы бир топ иштер бар», — дейт Жамакулов.

Маалыматка ылайык, биринчи этап менен улуттук деген статусу бар мекемелердин негизиги кызматкерлеринин маянасы көтөрүлгөн. Эми экинчи этапта калган кызматкерлердин айлык акысын көтөрүү дагы каралган.

Жаманкулов буга кошумча, жоголгон музей экспонаттары боюнча маалыматы бар экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM