Биз менен байланышыңыз

«Туристтик жайларды жаңырткандарга жеңилдетилген насыя берилүүдө»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Июл 2019 | 721 | 0

Туризм тармагынын экономикага кошкон салымы жыл сайын 15 %га өсүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, туризм тармагы өлкө ИДПсынын 5 %ын түзөт. 2023-жылга чейин бул көрсөткүчтү 7 %га чыгаруу тапшырмасы берилген.

Туристтердин агымы да жыл сайын 15 пайызга чейин өсүүдө.

«Европа, Араб өлкөлөрүнөн туристтер жакшы деңгээлде келип беришти. Ал эми Ысык-Көлдө пляж сезону жаңыдан башталды. Туристтердин көпчүлүгү жарнаманын арты менен келишти. Бул багытта ири шаарларда өткөн жарманкелерге катышуудабыз», — дейт Жаманкулов.

Ал маалымдагандай, Ысык-Көлдө саркынды суу маселеси дагы деле көйгөй жаратууда. Түрдүү долбоорлордун арты менен пансионаттар саркынды сууларды тазалоочу системаларды куруп башташты.

Өкмөт туристтик жайларда ички керектөөлөрдү жаңыртуучуларга жеңилдетилген насыя берип жатат. Бул багытта Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусу туризм үчүн атайын каражат бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM