Биз менен байланышыңыз

Масадыков: Учурда жалаң гана популисттик кадамдар болуп жатат

Пикирлер | 21 Ноя 2018 | 738 | 0

Учурда жалаң гана популисттик кадамдар болууда. Болбосо, бир жыл өнүгүүгө чоң убакыт. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Таалатбек Масадыков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бир жыл ичинде жасалган иштер коомчулукка дароо көрсөтүлүшү зарыл.

Масадыков, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров менен Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун кызматка келгени жакшы болгонун белгилейт.

«Бирок ал эки министрлик экономиканы, элдин жашоосун кантип өзгөртө алат? Өкмөттү билген адамдар эмне болуп жатканын түшүнөт. Кыргызстанда өнүгүүгө эки жол бар. Биринчиси, бардык саясий элитага мунапыс жарыялап, мындан ары эч бирин мамлекеттик башкарууга аралаштырбоо зарыл. Экинчиси, декларацияны аягына чыгарыш керек. Аны аткарбоого да 2 себеп бар. Кыла албашы мүмкүн же каалоо жок болушу ыктымал. Эгер кыла албасаң, башкаларга өткөрүп беришиң керек», — дейт Масадыков.

Ал буга кошумча, экс-президент менен өлкө башчынын ортосундагы маселени коомчулукка жар салбай, өз ара сүйлөшүшү зарыл экенин айтты. Ошондой эле ЖМКлар аркылуу терс көрүнүштөр коомго чыгып жатканын туура эмес деп баалады.

Copyright © 2017 Maral FM