Биз менен байланышыңыз

«154 млн сомду чечсек, 102 миң баланын укугу корголмок»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2019 | 1176 | 0

Бир айлык кирешеси жан башына 900 сомдон ашпаган үй-бүлөлөр камкордукка алынып жатат. Бирок өкмөткө бул чекти 1000 сомго көтөрүп, жыл сайын аны 10 %га  жогорулатып туруу сунушу берилди. Анткени, өлкөдө бир айлык керектөө 4700 сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кырызстанда эмгектенген калктын 70 %ында камсыздандыруу жок. Алардын кирешелери ачык-айкын болбошу күмөн жаратууда.

«Социалдык камкордукка алууда бизге кайрылган жарандар менен гана иштешип жатабыз. Жер-жерлерде социалдык кызматкерлердин жоктугунан жардамга муктаж адамдарды өзүбүз таап баралбай жатабыз. Алсак, мигранттардын балдары кимдин колунда, кандай шартта жашап жатканын көзөмөлдөгөн адам жок. Биз бир жолки иш-чарада эле 137 балага жасалган зомбулукту таап чыктык. Мындан улам, ар айыл өкмөтүнө соцкызматкер киргизүү сунушун бергенбиз. 154 млн. сомду чечсек, 102 миң баланын, жер-жерлерде коргоого муктаж адамдардын укугун коргомокпуз», — дейт Кочкоров.

Ал социалдык кызматкерлердин маянасы 6 миң 500 сом экенин белгиледи. Буга кошумча, министрлик чыгымдарды оптималдаштыруудан жана коррупцияны жоюудан каражат таап жатканын билдирди.

«Бирок иштерди өз алдынча жасай албайбыз, өкмөт менен кеңешүү зарыл» — деди Кочкоров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM