Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Киреше алып келүүчү 39 чакан ишкана ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 1912 | 0

Өлкөдөгү кайрымдуулук фонддор менен бир базанын үстүндө иштөө боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Араб фонддору менен да жолугуп, сүйлөшкөнбүз. Жетим-жесирлердин бирдиктүү базасын түзүү, биргеликте координациялоо боюнча макулдук алганбыз. Бардык фонддорду аккредитациядан өткөрүп, жардам берүүгө багыттап турсакпы деген ой болгон. Бирок мамлекеттик кызматкерлер кызмат абалынан пайдаланып, тескерисинче, кайрымдуулук иштерине тоскоолдук болуп калбасын деген ойдо мындай кадамдан баш тарттык», — дейт Кочкоров.

Анын айтымында, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги элдик көзөмөлдү күчөтүү багытында да иш алып барууда. Ар бир райондо 11 кишиден турган элдик көзөмөл институттары ишке киргизилди. Алар министрликтин ишин көзөмөлдөп турушат.

Мындан сырткары, министрлик өнөктөштөр менен да тыгыш иштешип жатат. Алсак, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде киреше алып келүүчү долбоорлор каржыланууда. 1 жылда киреше алып келүүчү 39 чакан ишкана ачылып, 80ден ашуун пайдалуу долбоорлор ишке ашырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM