Биз менен байланышыңыз

Кочкоров: Жөлөк пул алгандардын саны өсүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Окт 2019 | 930 | 0

Кыргызстанда жөлөк пул алгандардын саны өсүүдө. Бирок муну терс көрсөткүч катары карабоо зарыл. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө 1 млн 429 миң жакыр жаран бар. 762 миң бала — жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары. Анын ичинен 312 миң бала жөлөк пул алат.

2020-жылы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине бюжеттен 11,54 млрд сом каралууда. Ал 2019-жылга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн сомго көп.

«2020-жыл үчүн 12,5 млр сом сураганбыз. Бизге 11 млрд. сомдой бөлүнүүдө. Мындан улам жыл соңунда жөлөк пулдарды жеткире албай калуу коркунучу бар. Анткени былтыр 252 миң бала жөлөк пул алса, быйыл алардын саны 312 миңди түздү», — деди Кочкоров.

Ал кошумчалагандай, жөлөк пул аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына берилет. Ал үчүн адам башына киреше 900 сомдон ашпашы керек. Адам башына 4 кой туура келген, 20 жылдан жаңы автоунаасы болгон үй-бүлө жакыр болуп эсептелбейт.

Copyright © 2017 Maral FM