Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жумушсуздуктун жөлөк пулун болгону 123 киши алат

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 860 | 0

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 94 миң. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалидин Токтосартов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Жумушсуздуктун жөлөкпулун алгандардын жалпы саны болгону 123 киши. Жөлөкпулдарды алыш үчүн паспорт, билими тууралуу документ жана эмгек китепчеси керектелет. Жөлөкпулдардын суммасы 300 сом, — деди Токтосартов.

Ошондой эле, Токтосартов жөлөкпулдун өлчөмү аз болгондуктан жумушсуздар көбүнчө жумуш табууга кызыктар экендигин айтып, 94 миң жумушсуздун ичинен 27 миң жумушсузга жумуш табылгандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM