Биз менен байланышыңыз

1-декабрдан баштап төрөлгөн үч эмдердин ар бирине 50 миң сомдон жөлөкпул берилет

Кыска кабар | 19 Ноя 2019 | 1166 | 0

Өкмөт үй-бүлөдө бир учурда үч же андан ашык бала төрөлгөн шартта ар бир балага 50 миң сомдон бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулун төлөп берет. Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Чечим ушул жылдын 1-декабрында күчүнө кирет.

Бул жардам үй-бүлөлөргө эрте өнүгүү мезгилинде социалдык-экономикалык колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Эскерте кетсек, үй-бүлөлөрдүн жетиштүүлүгүнө карабастан, бала төрөлгөндө бир жолку «балага сүйүнчү» жөлөкпулу берилет.

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, дайыма кам көрүүгө муктаж болгон балдары бар ата-энелерди колдоого алуу максатында «персоналдык ассистент» кызматы киргизилди. Бул балага үй-бүлөсүнүн курчоосунда калууга шарт түзөт, аларга айлык акы төлөө маселеси чечилген.

Copyright © 2017 Maral FM