Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда эң көп талап кылынган кесиптер айтылды

Кыска кабар | 29 Янв 2020 | 985 | 0

Кыргызстанда учурда бетончу, кыш коюучу, шыбакчы сыяктуу курулуш тармагындагы кара жумуштарга көбүрөөк жумушчулар талап кылынып жатат. Алардын маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалидин Токтосартов Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Депутаттар жумушсуздук өлкөнүн кайсы аймактарында көбүрөөк экенине кызыгышты. Министрдин орун басары Камалдин Токтосартов статистикалык маалыматтарга караганда жумушсуздук Баткенде 9, Нарында 8,8, Ысык-Көлдө 8,4, Чүйдө 7,3 пайызды түзөрүн билдирди.

Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жаңыдан ишке киргизилди, эми талдоо иштерин биз өзүбүз жүргүзө баштайбыз”, — деди Токтосартов.

Эмгек, социалдык өнүгүү министрлигинин берген маалыматына караганда, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр, жаӊылыктар, иш-чаралар, бош жумуш орду жөнүндө маалыматтар жүктөлчү Эмгек рыногунун автоматташтырылган маалыматтык тутуму жана «Zanyatost.kg» порталы ишке киргизилип, бардык маалыматтар катталууда.

Copyright © 2017 Maral FM