Кыргызстанда жөлөкпулдун жаңы түрү киргизилди, ал атасы менен апасы белгисиз болгон балдарга ай сайын төлөнөт. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда ата-апасы белгисиз болгон 42 бала бар.
«Жөлөкпул арыз түшкөн айдын кийинки айынан тарта бериле баштайт. Эгер арыз август айында түшсө, жөлөкпул 1-сентябрдан тарта бериле баштайт», — деди ал.
Министрдин айтымында, быйыл ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 336 миң сом талап кылынат (ар бир балага 2 миң сомдон).
«Жылына ал жөлөкпулдун төлөмдөрү үчүн 1 млн сомго жакын каражат керектелет», — деди ал.
Аида
25.08.2020 21:22
Саламатсызбы менин 4балам бар пособие алалбай жатам квартирадабыз берилиши керекби
Диля
26.08.2020 19:44
Ата апасы барларделе коп балалуулар алса болотурган закон чыгарбайсынарбы
Барктабас
26.08.2020 23:26
Балдардын укуктарын тийиштуу денгелде колдойбуз десек анда балдары коргоо болумдоруно штаттарын кобойтуп. Аларды автоуна менен камсыз кылып. Мыйзам менен бекитилген укуктарын кенейтишкерек