Биз менен байланышыңыз

Популист саясатчыларды кантип аныктайбыз жана ал коомго канчалык кооптуу? (инструкция)

Блог , Саясат | 5 Янв 2021 | 3042 | 0

Саясат тууралуу кеп болгондо, «популист» сөзү терс мааниде көп колдонулат. Мисалы, айрымдар Владимир Путинди популист деп эсептесе, айрымдар Алексей Навальныйды айтышат. Батышта болсо популизм либералдык демократияга негизги коркунуч болуп жатканы тууралуу кептер көп козголот. Ал эми Дональд Трампты азыркы замандагы негизги популист-саясатчынын нак үлгүсү деп белгилешет. Мындай популисттер Италия, Венесуэла, Польша, Венгрия, Түркиянын бийликтеринде да бар. Жакында эле Бразилиядагы шайлоодо да популисттер жеңгени айтылды. Орусиядагы Жарандык демилгечилер комитети да жакында баяндама жасап, анда Орусияда популисттик маанай күчөгөнүн жазышкан. «Медуза» басылмасы мындан улам популисттерди башка саясатчылардан кантип айырмалоонун инструкциясын түзгөн жана алар чындап эле коомго коркунуч келтиреби? – деген суроого жооп издешкен. Биз сиздерге бул макаланын кыскартылган котормосун сунуштайбыз:

Популизм тууралуу билишиңиз керек болгон 9 жагдай 

  1. Популисттер коомду дайыма «эл» жана «элита» деп бөлүп сүйлөйт.
  2. Алар өздөрүн гана элдин өкүлүбүз деп эсептейт.
  3. Заманбап популисттер дайыма коомдун түпөйүл сезими менен ойноп, аларды глобализациянын кесепеттери менен коркутушат.
  4. Популизм менен фашизм — экөө эки башка.
  5. Бирок өтө катуу жана ишке ашуусу кыйын болгон убадаларды берген саясатчынын баарын популист деп эсептөө да туура эмес.
  6. Популисттердин бийликке келиши дайыма эле коркунучтуу эмес, бирок дайыма өлкөнү саясий кризиске кириптер кылары анык.
  7. Ал эми авторитардык өлкөлөрдө бийликке каршы күрөшүүнүн бирден бир эффективдүү жолу бул популизм.
  8. Эгер авторитардык өлкөлөрдө популисттер жеңишке жетсе, алар демократияны орнотушу мүмкүн. Бирок орнотпой коюушу да мүмкүн.
  9. Популизм бийлик өзүнө айтылган сынды укпай койгондуктан өтө тез жайылат.

Баарын популист дегенден мурун, алар кимдер экенин тактап алалы

«Популизм» сөзү учурдагы саясий сөздүктө негативдүү маанайда колдонулуп келүүдө. Айрыкча саясатчылар өздөрүнүн саясий атаандашына болгон элдин ишенимин жок кылуу (дискредитация) максатында да бирин-бири популист деп күнөөлөшөт. Буга мисал, Бразилиянын жаңы шайланган президенти Жаир Болсонару. Ал өзүнүн популист-саясатчы деген репутациясына карабай, шайлоодон кийин бразилиялыктарды популизмден оолак болууга чакырды. Популизмди социализм, коммунизм жана солчул экстремизмге теңеди.

Албетте, азыркы заманбап саясий күрөштө дээрлик баары таасирдүү ураан, кыйкырыктарды колдонушкандыктан, популизмден айырмалоо өтө оор. Мисалы, бийликтин шайлоо алдындагы пенсияны көтөрүү, салыктарды жеңилдетүү сыяктуу аракеттери да популизм деп бааланат. Ага карабастан бул ыкманы көпчүлүк эле өлкөлөр саясатта колдонуп келишет.

«Популизм» түшүнүгү тууралуу илимде так аныктама жок. Бирок аны байкоого болгон бир катар белгилери бар. Мына ошол белгилердин негизинде алардын чоң саясаттагы кадамдарына, бийликке келгенден кийинки аракеттерин бааласа болот.

Көңүл буруңуз! Эгер кайсы бир партия же саясатчы өзүнүн атаандашын популист деп айыптаса, ал өзү да сизди чочулатуу аркылуу рационалдуу аргументтер менен дискуссияга баруудан качып жатканын түшүнүүгө болот.

 Популисттер оңчул да, солчул да идеянын жактоочулары болушу толук мүмкүн. Салттуу социал-демократтардан айырмаланып, солчул популисттер азыркы парламентаризмди жеришет жана бизнесте мамлекеттин жеке өнөктөштөр менен иш алып баруусуна каршы чыгышат. Муну менен алар тарыхтагы революционерлерди эске салат, бирок алардан айырмасы: өздөрүн кайсы бир класстын эмес, элита менен  күрөшкөн элдин өкүлү катары көрсөтүшөт.

Ал эми оңчул популисттер болсо, классикалык оңчул идеянын жактоочуларындай эле бизнеске, анын ичинен орто жана чакан ишкерликке сый мамиле кылат. Алар көбүнчө иммигранттарга каршы жана өлкөнү сырткы күчтөрдөн коргоого аракет кылган лозунгдарды колдонушат.

Популисттер коомдун коркууларынан пайдаланып, абалды дагы да драмалаштырат. Аларды көбүнчө «бир тема боюнча партия» катары сыпаттоого болот. Алар салттуу партиялардан айырмаланып, бир же эки тема боюнча гана конкреттүү сунуштарды айтышат. Мисалы Евробиримдиктен чыгуу же олигархтарга каршы күрөшөбүз деген сыяктуу.

Популизм — бул сөздүн толук маанисинде бир идеология эмес, ал ар кайсы көз караштагы партиялардын саясатка аралашуу ыкмасы. Чакырыктары, лозунгдары ар башка, бирок коомчулуктагы орду бири-бирине өтө окшош.

Көпчүлүк популисттик күчтөр коомду дайыма экиге бөлүшөт: «карапайым калк» же эл менен «элита». Алар дайыма бул экөөнү бири-бирине каршы кылып, карапайым калктын мүшкүлдөрүнө бир гана «элитаны» күнөөлөшөт. Чакырыктарды да коомдун негизги бөлүгүнө жасашат. Мисалы «таза кандуулар», «чыныгы орусиялыктар» деген лозунгдар болушу мүмкүн. Ошондой эле алдын ала программа да жазышпайт, конкреттүү жооп талап кылынганда, «элдин каалоосу ушундай» деген шылтоо айтышат. Эмнегедир өздөрүн гана элдин чыныгы өкүлүбүз деп эсептешет. Ал эми аларга каршы чыккандын баарын «элиталардын кол токмогу» деп күнөөлөшөт.

Эмне үчүн биздин айланабызда популисттер толуп кетти? Саясатчылардын кемчилиги эмнеде?

Батыштагы окумуштуулар жана эксперттер саясатчы-популисттерди көп сындашат, бирок алардын ушундай популярдуу болушунун түпкү себеби учурдагы коомдук-саясий система деп эсептешет. Негизги көйгөй – жарандар бийликке жана эл аралык уюмдарга болгон ишенимин жоготушкан.

Мындан сырткары, технологиянын өнүгүүсү менен элден көп нерсени жашырууга мүмкүн эмес жана маалымат калкка бат жетет. Мындай жагдайлар бийликтин ыкчам чара көрүүсүн талап кылат. Андан сырткары дүйнөдөгү экономикалык глобализация өнүккөн өлкөлөрдө теңсиздикти пайда кылды. Ошол эле иммигранттардын жергиликтүү калк менен атаандашуусу ж.б.

Популисттер бийликке келген өлкөлөрдүн мисалы

Заманбап популисттик партиялар программасында демократияны такыр эле четке какпайт. Бирок бийликке келери менен бардык бийлик бутактарын бир өзүнө баш ийдиргенге аракет кылышат.

Эгер мындай популисттер демократиялык институттар өнүккөн өлкөнүн башына келсе, анда баарын баш ийдирүүсү өтө кыйын. Буга АКШ жана Дональд Трамп мисал боло алат. Ички саясатта Конгресс жана Жогорку Сот президенттен көз карандысыз. Бирок сырткы саясатта президент эркин болгондуктан Кытай менен соода согушу, Орто Чыгыштагы  саясаттын ыкчам өзгөрүүсү, Мексика менен иммиграциялык кризис келип чыкты.

Популисттерди ички саясат эмес, кээде тышкы саясат деле чектеп коюушу мүмкүн.  Грецияда 2015-жылы бийликке келген «Сириза» классикалык солчул популисттердин бири болчу. Алар Евробиримдиктен чыгууну убадалашкан. Бирок бир да убадасын аткара алышкан жок.

Көңүл буруңуз! Популисттер бийликке келгенде өздөрү деле элитага айланат. Бирок алар өзүн «элдин өкүлүбүз» деп, бардык жагдайда олигархтар менен «үчүнчү күчтөрдү» күнөөлөй беришет. Мындай ыкма менен алар оппозицияны «чет элдик агенттер» деп айыптап, саясий репрессияга чейин барышы мүмкүн. Жогоруда айтылгандай, популисттердин бийликке келиши өтө коркунучтуу эмес, бирок алардын келүүсү сөзсүз өлкөнү саясий кризиске кептейт.

Авторитардык өлкөлөрдөгү популисттер

Авторитардык өлкөлөрдөгү популизм — бул бийликке каршы туруунун бир гана эффективдүү тактикасы болуп саналат. Пристон университетинин изилдөөчүсү Марк Бессингер шайлоо таза өтпөгөн мындай өлкөлөрдө популисттер жеңишке жетпешин, бирок элдин колдоосуна ээ болорун айтат.

Аргентиналык окумуштуу Эрнесто Лакло популизм тууралуу Батышта айтылган аныктамаларды четке кагат. Ал Латын Америкадагы диктатура менен күрөшүүдө популизм таасирдүү болгонун, популизм аркылуу авторитардык бийлик четке каккан, пикири менен эсептешпеген топтор бийликке келсе болорун айтат.

Орусияда да популисттик технологиялар бийлик тарабынан колдонулат. Мисалы Путиндин башындагы лозунгу олигархтарга каршы күрөшүү болсо, учурда Батышты сырткы душман катары негиз коет.

Көңүл буруңуз! Популисттер авторитардык режим менен күрөшүүдө ийгиликтүү болушу мүмкүн. Бирок алар бийликке келиши менен өлкөнү туруктуу өнүгүүгө багыттайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Украинанын «сары революциясындагы» тажрыйбаны изилдеген Бессингер да буга күмөн санарын билдирген. Албетте, саясат талдоочулар Сэмуэль Грин жана Грэм Робертсон бул пикирге кошулбайт. Алар Бразилия менен Аргентинадагы диктатураны кулатуу оппозициянын негизги максаты болгонун, бийлик кулагандан кийин туруктуу демократиялык режим орногонун мисал келтирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM