Биз менен байланышыңыз

Сот системасы мурункудан айырмасы жок

Күн чекит | 22 Янв 2019 | 791 | 0

“Коррупция», «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери менен айыпталып, учурда убактылуу камакта жаткан мурунку аткаминерлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев жана Бишкектин мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун тергөө иштери аяктап, эми сотто уланат. Мамлекет үчүн олуттуу зыянга себепкер болгон кылмыш иштеринин жүрүшү кандай болот? Жарандык коом ага көзөмөл жүргүзө алабы? Дегеле, акыйкат сот жүрөбү? Бул суроолор менен коомдук ишмер, укук коргоочу Рита Карасартова менен маек  «Күн чекит» программасында маек курганбыз.

Марал: Экс аткаминерлердин тергөө иштери аяктады. Кыргыз коомчулугу көңүл коюп, акмалап турган чагы. Сот иштери кандай журчүдөй көрүнүп жатат?

Рита Карасартова: Менин байкашымда, мурунку президент Атамбаевдин учурунда сот иштери кандай жүрсө, дал ошондой эле иш алып барылууда. Мурдагыдай эле, соттор эч нерсени көзгө илбей, оппонентке мамиле көрүнүп, өзүбилемдик менен иш алып барышууда. Сот талаптагыдай жүрбөй эле, 4-5 айлап жатышпайбы?

Бишкек ЖЭБ боюнча тандалма соттоо жүрүүдө. Анткени анын бюджетин кабыл алууда учурдагы президент өкмөт башчы катары катышкан. Ал эмнеге сотко чакырылбайт? Кыскасы, өздөрүнө ыңгайлуу гана адамдарды жоопкерчиликке тартышууда. 

Ал эми Кулматовдун иши абдан күлкүлүү. Мектеп курган үчүн гана чоң кылмышкер катары каралууда.

Марал: Соттордун ачык-айрымдуулугун жарандык коом көзөмөлгө ала алабы?

Рита Карасартова: Албетте, биз барабыз. Көзөмөлдөйбүз. Жарандык коом мониторинг жүргүзүп, коомчулук көзөмөл салса, ар кандай мыйзам бузуунун алдын алууга болот. 

Марал: Кээ биринин соту жабык өтөрү айтылууда. Буга негиз барбы? Жарандык коом жолтоо боло алабы?

Рита Карасартова:  Эгер жабык өткөрүүнү көздөшсө, анда бул сот системасынын чирип, иштен чыгып калганын билдирет. Бирок биз ага жол бербейбиз. Сотто айыптап жаткандардын далили жетишпесе, жабык өткөрүүгө аракет кылышат. Ушундай жол менен баш оорудан узак, коомчулуктан жашырып, сыр бар экенине шылдап, жактоочуларды гана катыштырып, ишти жаап салышат. Биз мындай оюндарды жакшы билебиз. Сот жабык өтөт дегени эле алардын ишенимсиз экенинен кабар берет.

Буга чейин бир-эки жолу башка иштер менен барып, Кулматовдун иши каралып жатканына күбө болгом. Сотту жабык өткөрүүгө аракет кылышып, ал жердегилер каршылык көрсөтүп, далил, негиз сураганыбызда айласыз ачык өткөрүшкөн. Ошондуктан мындан аркы иштерде да акмалап турушубуз кажет. 

Марал: Соттолуп жатканардын күнөөсүздүк акылары (презумпция невинности) сакталбай жаткандай эмеспи? Сот чечими чыга элек эле, аларды кылмышкер жарыялап, иштерин ашкерелеп дегендей?

Рита Карасартова: Айтып жатпаймынбы, мурунку бийликтин эле ыкмасы менен баратышат. Мурдагы бийлик тушунда «Белиз гейт» ж.б. иштерде сот чечими чыга элек эле кылмышка ат коюп, жарыялап жиберишчү. Бул жолу деле андан кем калышпай жатат. Коомдун терс пикирин тузүү үчүн аларга карата маалымат булактарынан жана жыйындардан каралоочу, жектөөчү сөздөрдү айтып жатышат.

 

Copyright © 2017 Maral FM