Кыргыз сот системасына 95 жыл. Өлкөнүн өнүгүүсү, элдин бийлике болгон ишеними бул тармактын иш-аракеттерине тикелей көз каранды. Бүгүнкү күндө кыргыз соттору канчалык адилеттүү? Өлкө башчысы бул тармакта канааттандырарлык реформа бобой жатканын айтты.
“Жыл башынан бери соттук-укуктук реформаны ишке киргизүү башталды. Бирок сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, сотторго ишенимди күчөтүү боюнча иш-аракеттер өтө жай жылууда. Реформаны алдыга жылдырайын деген аракет байкалбайт”. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз сот системасынын 95 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
Көз карандысыз сот системасын курбай туруп, өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгилеген өлкө башчы, судьяларды жоопкерчиликти унутпоого чакырды.
-Адилеттүү, ачык-айкын көз карадысыз сот системасын курбай туруп, мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Ошондуктан сот реформасын жалпы өлкөнүн өнүгүүсүнө таасир эткен реформа катары кабыл алуу керек. Ал үчүн ар бир судья дайыма чоң жоопкерчиликти сезип турушу жана анын ишиндеги негизги принцип катары колдонушу зарыл.
Жээнбеков буга кошумча сот тармагына карата элдин ишенимин жогорулатуу максатында жүргүзүлгөн аракеттердин бири бул — тармакты толук санариптештирүү экенин айтты.
Ал эми Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева кыргыз сот системасынын эл аралык деңгээлде тиешелүү деңгээлде аброю бар экенин айтып, санариптештирүү 95-жылдын ичиндеги негизги жетишкендиктеринин бири болгонун айтат.
-Санариптештирүү биздин тармактын негизги жетишкендиктеринин бири болууда. Видео, аудио жаздыруу менен ачык-айкындуулукка жетишүү аракетин көрүүдөбүз. Сот отурумдарын түз көрсөтүү мүмкүндүгү каралууда. Ар бир жаран интернетти ачып эле болуп жаткан отурумду көрсө болот. Мындан башка мактана тургандай деп айтпайм, бирок сотторду, аппарат кызматкерлерин окутканга жогорку мектебибиз бар. Судьялардын да кесипкөйлүгүнө өзгөчө көңүл буруу керектиги боюнча тапшырмалар берилет.
Деген менен юрист Бекбоосун Бөрүбашев “санариптештирүүнүн таасири сот системасынын оңолуусуна таасири болот”,- дегенге кошулбайт. Анын айтымында “санариптештирүү” деген сөздү каалаган жерде колдонуу адатка айланды.
-Мүмкүн эмес. Кыргызстандын шартында бир нерсе болсо эле экономиканы сот системасын санариптештирүү менен көтөрөбүз дегени шайлоо системасын ар кандай электрондук түргө өткөрөбүз дегенге барабар. Ошондуктан бул болбогон нерсе. Сот системасы бийликтин башка бутактарана толук байланышта. Мисалы, сот системасы болушу үчүн президенттик, парламенттик бийликтин иши оңолушу керек. Сот системасын түзгөн ким? Президент, ЖК өзү. Мындан улам, Жээнбековдун айтканына толук таң калам. Тим эле, бирөө түзүп кеткенсип, “иштебей жатат” дейт. Аны иштетүү керек да.
Маалыматка ылайык 2017-2019-жылдар аралыгында тартип комиссиясы 19 судьяны тартип жоопкерчилигине тартуу боюнча чечим кабыл алган. Анын ичинен 14 судьяга сөгүш, ал эми 170 судьяга эскертүү берилген. Мындан сырткары, Башкы прокуратуранын сунуштамалары боюнча 11 судьяны, анын ичинен 6 судьяны жана иштеп жаткан 5 судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берилген.
“Демек адилетсиз судьялар өз жазасын алуудабы? Кыргыз сот системасынын адилеттүүлүгүнө кандай баа бересиз?” деген суроо менен шаар тургундарына кайрылып көрдүк.
- Сотко ишенүүгө болбойт, мүмкүн эмес.
- Соттор бийликтин айтканын гана аткарат.
- Соттор адилеттүү эмес. Кимди камап, кимди бошотууну Ак үй чечет.
- Соттордун иши начар. Эмне деп жатканын угуп жатабыз.
Маалымат иретинде айта кетсек, 1924-жылы Кара-кыргыз облустук соту ишке кирген. Анын биринчи төрагасы Авербург болгон. Кыргызстандын сот системасынын түптөлүү башаты ошол күндөн бери белгиленет.
Ал эми 1936-жылы Кыргыз ССрнын Жогорку соту түзүлсө, 1993-жылдын 5-майында көз карандысыз Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынып, бийликтин аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бутактарына бөлүштүрүү принциби бекитилген.