Биз менен байланышыңыз

Президент: Сот таза иштесе элдин бийликке ишеними артат

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 846 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал кайрылуусунда көз карандысыз жана өз алдынча сот системасын орнотпой туруп, демократиялуу, өнүккөн мамлекет куруу мүмкүн эместигин белгилейт.

Ошондой эле сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө адилеттүүлүк жана акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделерин айткан.

Жээнбеков кошумчалагандай, акыркы жылдары сот системасын реформалоого жана анын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга көңүл бөлүнүп жатат.

Учурда сот системасы заманбап технологиялар менен камсыздалып, сот актылары ачык, коомго жеткиликтүү болуп, соттук жыйындар мезгилдин талабына ылайык жабдылууда.

«Мындай шарттарда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьяларга зор жоопкерчилик жүктөлүп, алардын кесипкөйлүгүн, кара кылды как жарган калыстыгын арттыруу өзгөчө мааниге ээ. Мыйзам алдында бардыгы бирдей экенине элдин ишенимин бекемдөөгө, соттун адилеттүүлүгүн арттырууга сот системасынын ар бир кызматкери өз салымын кошот деп ишенем«, -деди президент.

Кыргызстанда сот кызматкерлеринин күнү 2004-жылдан тарта белгиленип келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM