Биз менен байланышыңыз

Президент сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүүчү кеңештин негизги милдеттерин атады

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 398 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында карала турган негизги милдеттерди аныктады.

Мамлекет башчысы ар кандай социалдык чыр-чатактарды чечүүнүн жана жөнгө салуунун эң эле легитимдүү жолу укуктук коргоо экенин белгиледи.

Жапаров укуктук коргоо маселелерин жөнгө салуу максатында үстүбүздөгү жылдын 31-мартында «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча кеңеш жөнүндө» жарлыкка кол койгондугун айтты.

Президент белгилегендей, бул Кеңеш кеңеш берүүчү жана консультативдик орган болуп саналып, соттордун жана укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, алардын ишин жөнгө салуучу нормативдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо максатында түзүлгөн.

Ошондой эле Кеңештин алдында колдонуудагы Жазык, Жарандык, Административдик жана аткаруу блокторундагы кодекстерде, анын ичинде укуктук боштуктарды, коллизияларды четтетүүгө багытталган талдоо жүргүзүү, сунуштарды иштеп чыгуу максатында атайын эксперттик жумушчу топ түзүлгөн. Бул топту Башкы прокурор Курманкул Зулушев жетектейт.

Эксперттик жумушчу топтун негизги максаттары катары төмөнкүлөр аныкталды:

— соттордун адилеттигин камсыздоо жана ишин жакшыртуу;

— укук коргоо жана сот системасынын ачык-айкын иштешин камсыздоо;

— адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу;

— сөз эркиндигин, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттардын эркиндигин коргоо;

— ыйгарым укуктуу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн токтотуу жана инвесторлордун мыйзам ченемдүү укуктарын коргоону күчөтүү;

— эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер укук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналарын эске алуу жана сактоо;

— сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүү үчүн тергөө органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу;

— мыйзамдарды адам укуктары жаатындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, жарандардын укуктары менен эркиндиктеринин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу.

— сот адилеттигинин ачыктык жана маалымдуулук принциптерин ишке ашырууну камсыз кылуу;

— сот адилеттигине карата жарандардын ишенимдерин жогорулатуу.

Эксперттик жумушчу топ бийликтин сот бутагынын, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жарандык коомдун, көз карандысыз эксперттердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн тартуу менен маанилүү иш жүргүздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM