Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Инвесторлордун сот системасына ишеними төмөн

Кыска кабар | 7 Июн 2021 | 414 | 0

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында ар кандай социалдык чыр-чатактарды чечүүнүн жана жөнгө салуунун эң эле легитимдүү жолу укуктук коргоо экенин белгиледи.

Ошондой эле өлкөдө сот реформасы жүрүп жаткандыгына карабай, сот жана укук коргоо органдары өзүнүн функцияларын жетиштүү деңгээлде аткара албай жатканын сындады.

«Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жатканын эскерте кетейин. Өлкөдө иштеп жаткан айрым Эл аралык уюмдардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, инвесторлордун сот  жана укук системасына ишеничи төмөн. Алар бизди мыйзамдуу кызыкчылыктарды коргоп бере албаган система катары баалашат. Мындай жагдайда биз мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү жарандык коомдун, эл аралык уюмдарда биздин өнөктөштөрүбүздүн пикирлерин кунт коюп угуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга милдеттүүбүз. Учурда зарыл иш-чараларды реалдуу түрдө ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Эркибиз жетет деп терең ишенем» , — деди Садыр Жапаров.

Copyright © 2017 Maral FM