Биз менен байланышыңыз

Рита Карасартова мамлекеттик кызматка дайындалды

Кыска кабар | 3 Дек 2019 | 1168 | 0

Рита Карасартова Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун Өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов “Маралга” бүгүн билдирди.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жаңы дайындалган жетекчини башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин жалпы жамаатына тааныштырганын министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Министр жаңы дайындалган жетекчиге тармакта башталган реформаларды улантарына ишеним билдирип, ишине ийгилик каалады.

Рита Карасартова 44 жашта. Ысык-Көлдө төрөлгөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган. Жогорку окуу жайда окутуучу, кафедра башчысы, министрдин кеңешчиси болуп иштеген. Бир катар долбоорлорго эксперт, тренер катары тартылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы башталгыч кесиптик билим берүү агенттигин 2009-жылдан бери Таалайбек Чолпонкулова жетектеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM