Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Президенттин азыркы күнгө карата каталарын айта албайм

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2019 | 950 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “Марал” радиосуна берген маегинде президенттин азыркы күнгө карата каталарын айта албай турганын билдирди.

Ал он күн убакыт берилсе, өлкө башчы кетирген катачылыктардын баарын далилдер менен айтып берерин белгиледи.

«Президенттин иштешине убакыт, мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Ал коррупция менен тууганына да, досуна да карабай аёосуз күрөшөрүн айтууда. КСДП партиясындагылар дагы паракорчулук менен кармалып камакта отурат. Коррупция менен күнү-түнү күрөшү зарыл», — дейт Төрөбаев.

Ал буга кошумча, өткөн президенттик шайлоо чоң сыноо, тажрыйба топтоо процесси болгонун белгиледи.

«Саясатта багыттар өзгөрүп калышы мүмкүн. Бул жаман көрүнүш эмес. Мисалы, мен мактсат коюп анын үстүндө иштейм. Багыттарымды анализдеп карап чыктым. Биз саясаттан чыккан жокпуз. Ар бир адам жеңилүүнү көтөрүп, жеңишке жеткендерди куттуктай билүүсү зарыл. Саясий маданияттуулукту көтөрүш керек», — дейт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев 2017-жылкы президенттик шайлоого “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн. Кийин дагы бир талапкер Өмүрбек Бабанов менен биригүүгө барган.

Copyright © 2017 Maral FM