Биз менен байланышыңыз

Эмираттардагы кыргыздар: Ак шумкарларды колдоо үчүн барабанга чейин камдадык

Кыска кабар , Спорт | 21 Янв 2019 | 2072 | 1

Бүгүн Абу-Даби шаарында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бириккен Араб Эмираттарына каршы Азия кубогунун алкагында 1/8 баскычында беттешет. Андыктан кыргыз футболчуларына дем болуп, аларды сүрөгөн кыргызстандык күйөрмандар алардын жеңишине ишеним артып каалоо-тилектерин билдиришүүдө. Учурда Абу-Даби шаарында жашап жаткан мекендешибиз Ажымурат Орозалиев ал жактагы мекендештердин бүгүнкү оюн тууралуу пикирлери, күтүүлөрү тууралуу комментарий алып, «Марал» радиосу менен бөлүшүүдө.  Төмөндө биздин «ак шумкарларды» колдогон мекендештердин пикирлерин сиздерге сунуштайбыз:

-Менин атым Нурайым. Учурда Абу-Даби шаарында жашайм жана ошондой эле Дубайдагы Америка Университетинин студентимин. Буга чейинки оюндарга барып “Ак-Шумкарларды” колдоп келдик. Бүгүнкү оюнга да сөзсүз барабыз, буйруса. Мен өзүм студент болгондуктан кечки саат тогузга чейин сабагым бар эле. Бирок мен профессорум менен сүйлөшүп уруксат сурап келдим. Буйруса үй-бүлөбүз менен чогуу барып, Ак-Шумкарларды алдыга сүрөп келебиз. Алар сапаттуу жана татыктуу ойноп жатышат жана алдыда боло турган оюн абдан кызыктуу болот деп ишенип турам. Мен Ак-Шумкарларга ийгилик каалайм. Алга, Ак-шумкарлар!

-Менин атым Нургүл Масалиева. Мен Абу-Даби шаарында 2011- жылдан бери 5 жылдыздуу отелдердин биринде иштейм. Кыргызстан курама командасынын оюнуна бардык. Оюн аябай күтүлбөгөн жерден кызык болду деп айтсам болот. Беттештер ар кайсы шаарда болгондугуна карабай, жумуштан суранып барып көрүп жаттык. Мага Түштүк Корея менен ойногон оюн абдан жакты. Ушунчалык кызыктуу оюн көрсөтүштү. Биз баарыбыз колдоп кыйкырып жатып 1,5 саат кандай өткөнүн билбей калыптырбыз. Алдыда боло турган оюнга аябай даярданып жатабыз. Жумушум 18:30 да бүтөт, ошондуктан азыр коллегаларым, курбу кыздарым болуп чогулуп жатабыз. Дубайда иштеген досторум, туугандарым келишет. Баарыбыз чогулуп көрөбүз, аябай күтүп жатабыз. Чындыгында биздин коммандага ишенич аябай көп. Кудай буйруса бул команданы да жеңип чыгат деп ишенебиз.

— Менин атым Кумарбеков Динмусулман. Абу-Даби шаарында сатуучу болуп иштейм. Буга чейин Филиппин менен ойногон оюнга эле бардык. Ага чейинкилерге белгилүү себептерден улам бара албай калдым. Оюндар аябай жакшы болду, негизи Кыргызстандын коммандасына купулум толуп жатат. Буйруса бүгүнкү оюнга барамын. Апам бул жакка эс алууга келген, апамды менен чогуу барып Кыргызстандын коммандасын колдоп келебиз. Жумуштан суранып уруксат алганбыз. Кечинде барып калабыз буйруса. Кандайдыр бир толкундануулар бар. Аябай жакшы даярдандык. Абу-Дабидеги жааматыбыз менен элчилик да жардам берди. Барабандарды уюштуруп, желек жана башка нерселер баары даяр. Жалаң Кыргызстандык көрүүчүлөр отуралы деп даярдандык. Буйруса биздин курама командабызга үмүтүбүз чоң. Буйруса жеңет деген ойдомун. Жеңгенде да 3 гол эсебинде жеңишет го. Биздин курама коммандабызга ийгилик. Өздөрүнө ишенип оюн көрсөтсө жеңишке жетебиз.


-Менин атым Надырбек уулу Жанболот. Өзүм Дубайда иштеп, жашаймын. Филиппин менен болгон оюн укмуш болду. Биз Дубайдагы мекендештер 2 автобус болуп барып, колдоп, коштоп турдук. Аябай башкача атмосфера болду. Биз Дубайдагы мекендештер баарыбыз бүгүн саат 18:00 до Абу-Дабини көздөй жолго чыгабыз. Улуттук курама коммандабызга дем, күч берип турабыз. Азыр бул жакта баарыбыз кызыл кийип, калпак кийип келели деп даярдануудабыз. Буйруса Кыргызстан жеңишке жетет деп ишенип турам. Биз буйруса Эмиратты 2:1 эсебинде жеңебиз.


-Менин атым Сайфулла Шакиров. Абу-Дабиде сатуучу болуп иштейм. Биздин бардык оюндар жакшы болуп жатат. Бүгүнкү оюн биз үчүн да, Эмираттар үчүн да маанилүү. Ошондуктан толкундануу бар. Бүгүнкү оюнга баруу үчүн жумуштагы нөөмөттөрдү атайылап жылдырып, достор менен барууну пландаганбыз. Буюрса биздин команда утат деген ойдобуз жана Кыргызстанга ийгилик каалайбыз.

-Мен, Ыманазаров Бекмурат. Баарыбыз чогулуп аябай сыймыктанып жатабыз. Биздин элчиликке чоң рахмат, баардык жактан колдогону үчүн. Бүткүл Эмират боюнча баардык кыргыздар келип колдоп жатышат. Кандай биримдиктүү эл экенибиз мени кубандырат. Биздин комманданын утушуна ишенем.

1 пикир

1 пикир

  1. Гулкан ДЖУМА

    23.01.2019 15:50

    Азамасынар жигиттер.буйруса ийгилик эми башталат.Ден соолук аманчылык токчулук жана тынччылык болсун.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM