Биз менен байланышыңыз

Баткен: Камсыздандыруу полиси тууралуу маалымат аз

Коом | 18 Янв 2019 | 644 | 0

7-февралдан тарта унааларды милдетүү камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирет. Өлкодөгү ар бир айдоочунун камсыздандыруу полиси болуусу шарт. Мыйзамга баш ийбеген айдоочу 7-августтан тарта 3 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт. Камсыздандыруудан өткөн айдоочулар жол кырсыгынын натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу кепилдигине ээ болот. Мындан тышкары, мүлктү калыбына келтирүүгө жана дарыланууга кеткен чыгымдан корголуп, компенсация ала алышмакчы. Учурда мыйзам долбоору министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусуна жиберилип, коомдук талкууда.

Бул мыйзам долбоору айрым айдоочуларга жага берген жок. Анткени унаанын көлөмүнө жараша жыл сайын эң жогорку камсыздандыруу төлөмү 13 миң сом өлчөмүндө көрсөтүлгөн. Баткен районунун тургуну Сайдирайим Абдилатов өкмөт бул мыйзамды милдеттүү кылганы туура эмес деген ойдо.

 — Милдеттүү кылганы менимче туура эмес. Ар кимдин өз эрки болушу керек. Эгер кооптуулук жараткан унааны мен айдасам анда айып пул салынса төлөсө болот. Мүмкүн мен кырсыкка кабылбайм. Эгер кабылсам анда ал менин өзүмдүн чыгашам.

Өкмөт жол кырсыктарынын алдын алуу максатында камсыздандырууга милдеттүү түрдө өтүү жолун көрсөтүүдө. Бирок айдоочулар камсыздандыруу компанияларына ишеним артпай турушат. Баткен районунун тургуну Бакыт Муратовдун айтымында, азырынча аны алуу боюнча элде кеңири түшүнүк жок.

 — Камсыздандыруу башка мамлекеттерде жакшы өнүккөн. Негизи бул керек. Бирок мен бир нерсени айткым келет, Кыргызстандагы жалпы эле унаа башкаруучулар камсыздандыруу компаниялары тууралуу түшүнүгү жок. Муну карапайым калк билиши керек. Кандай, канча сом ушу сыяктуу. Экинчиден камсыздандыруу компанияларын мамлекет өз көзөмөлүнө алышы керек.

Деген менен унааларды милдетүү камсыздандырууну колдогондор да жок эмес. Баткен районунун жашоочусу Ырысбай Мамажусупов, камсыздандыруу мекемелери элге ашыкча түйшүк алып келбей, эң негизгиси кырсыкка кабылган айдоочуну убарагерчиликке салбай өз убагында акча төлөнүп берилсе дейт.

 — Мен муну колдойм, камсыздандыруу элге жакшы натыйжа берсе. Эгер ошо кырсыктаган унаанын чыгымдарын өз убагында төлөп максатуу иш болсо туура. Анан башкача жолдор менен элдин ишеничин аткарбай койсо, анда бул нерсе өз максатына жетпей калат. Негизи камсыздандырууга биз толук кошулабыз.

7-августтан тарта камсыздандыруу полиси жок унаа башкаруучу 3 миң сом өлчөмүндө айып пулга тартылат. Жарым жыл аралыгында ар бир айдоочуга камсыздандырууга өтүү боюнча эскертүүлөр берилет. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүн бөлүм башчысы Салижан Хамрабаевдин айтымында камсыздандыруу компаниялары ишеничтүү болуусу шарт.

 — Камсыздандырууга эл жакшы ой менен караш керек. Бул жерде экинчи маселе компаниялар ишеничтүү балуусу керек. Бул жагынан да мамлекет мыйзам кабыл алыш керек.

Учурда мыйзам долбоору министрликтер жана ведомстволордун макулдашуусуна жиберилип, коомдук талкууда. Мыйзам кучүнө кирсе, 7-апрельден тарта 15 күндүк, 1,3,6,9 айлык жана 1 жылдык камсыздандыруу полистерин алууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM