Биз менен байланышыңыз

Өлкөдө кытайларга каршы толкундоо күчөдү

Саясат | 17 Янв 2019 | 732 | 0

Тогуз жылда Кытайдан келген 352 адам кыргыз жарандыгын алган. Бул маалыматты өкмөт  Жогорку Кеңеште  билдирди. Маалым болгондой, 2017-18-жылдары Кыргызстандын жарандыгын 7 миң 413 чет элдик киши алган. 2010-жылдан бери чет өлкөлүк жарандар менен никеге турган кыргызстандыктардын саны 17 миң 669 болсо, анын ичинен 60 адам кытай жарандары менен баш кошкон.

Жогорку Кеӊеште миграциялык саясат маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2017-2018-жылдары 7413 адам Кыргызстандын жарандыгын алганын билдирди.

-Акыркы 9 жыл аралыгында Кытайдын 352 жараны кыргыз жарандыгына ээ болгон. Анын ичинде 171 адам этникалык кыргыздар, 72 уйгур, 9 өзбек, 6 кытай. Ал эми акыркы 8 жылда 17 669 кыргыз жараны чет өлкөлүк адамдар менен никеге турган. Анын ичинде 60 кытай жараны бар, алар дагы ичара кыргыз, казак, өзбек, уйгур, кытай, дунган сындуу улуттарга бөлүнөт.

Андан тышкары, 2017-жылы 236 адам, 2018-жылы 352 адам Кыргызстанда жашап турууга уруксат алганы белгилүү болду. Быйыл кытай жарандарына иштөө үчүн 16 490 квота каралганы, анын ичинде 9 миӊ квота кытай улутундагы адамдарга берилген.

Кытайдан келген жарандардын маселеси боюнча Бишкекте эки жолу митинг болду. Митингге чыккандар Кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүсүнө каршы болду. Алар бийликке жана Жогорку Кеңешке этникалык кыргыздардан башка чет элдиктерге кыргыз жарандыгын берүүгө мораторий киргизүү, мыйзамсыз иштеп жүргөн кытайларды өлкөдөн чыгаруу талабын койду. Мындан улам парламентте аталган маселе күн тартибине киргизилип, талкууга алынды.

Депутат Дастан Бекешев коңшу Казакстан менен Орусияда кытайларга каршы толкундоолор болгонун белгилеп, бул агым Кыргызстанга да келди деген ойдо.

-Өкмөт маалыматтык согуштан утулуп жатат. Аткаруу бийлигине жакшы маалыматтык бөлүм керек. Вотсап, фейсбук аркылуу көп ушактар таратылып жүрөт. Муну ким жасап жатканын билбеймин. 60 кыз кытай жаранына турмушка чыкса, ушакчылар 60 миң деп жазып жатат. Бирөө атайын аны жасап жатат. Алар мамлекетте туруксуздук болсун деген каалоо менен жазууда. Катуу күрөшүү керек. Биз бирөөнү сабап, бир нерсени кыла албайбыз. Маалыматтык согуштан утушубуз керек. 60 кыз кытайга тийди деген маалыматты ар бир студентке беришибиз керек. Алар менен жолуксаң кытайлар маселесин талкуулашат. Кыздарга барып кытайга тийбе деп айта албайсыңда. Эгерде сүйсө тиетда. Бул дагы адамдын укугуна терс таасир берип жатат. Бул талап мыйзамсыз.  

Өкмөт маалымат согушунда утулуп жатканын мойнуна алды. Мындан улам депутат Улан Примов өкмөткө жалган маалымат тараткандарды административдик жоопкерчиликке тартуу сунушун айтты.

-Бизде бир маселе жаралгандан кийин талкуулап баштайбыз. Аны өкмөт алдын алуусу керек. Азыр Кытай менен Кыргызстандын мамилесин бузууга кызыктар үчүнчү тарап барбы? Андай маалымат жок болсо, жалган маалымат тараткандарга чара көрүү керек. Биздин экономика сырттан келген инвестициядан көз каранды. Басымдуусу Кытай мамилекетинен тартылат. Ошондуктан өкмөт жалган малымат таркаткандардын бетин ачып, административдик жоопкерчиликке тартып же кылмыш ишин козгогула.

Эл өкүлү Каныбек Иманалиев эки өлкөнүн кызматташтыгын тизмектеп, кыргыз-кытай мамилесин жолго коюу үчүн кыргыз-кытай экономикалык форумун өткөрүүнү сунуш кылды. Ошону менен катар депутат элде кытайлар жөнүндө ар кандай күмөн ойлор калбашы үчүн аксакалдардан топ түзүп, ал жактагы боордош кыргыздардын абалы менен тааныштырып келүү зарылдыгын, митингчилерди күмөн санаткан мыйзамсыз жүргөн чет элдик жарандар боюнча топ түзүп, текшерип чыгып так маалымат берүү керектигин кошумчалады.

-Митингге чыккандар Кытайдан келгендерге атуулдук бербеш керек деп суранышты. Биз элге туура түшүндүрүшүбүз керек. Мызйзамга мамлекеттин аты жазылбайт. Аны башка жол менен чечели. Өкмөт мыйзам долбоорун даярдасын. Этникалык кыргыздарга жөнөкөйлөтүлгөн жол менен атуулдук берели. А чектеш мамлекеттин жаранына татаалдаштырылган жол менен берели. Элге калп айтпай туура түшүндүрөлү. Эч бир мыйзамда мамлекеттин аты жазылбайт. Бул дүйнөлүк этика. Эл топтошуп иштеген диаспораларды көрүшүбүз керек деди. Аны көрсөтпөсөк кайра эле күмөн санай беришет. Күмөн саноо бизде да бар. 14 миң кытай бар дегенге эч ким ишенбейт. Элдик комитет түзүп рейд кылып кыдыртайлы. Ошол адамдар көрмөйүн кайра эле чыга беришет.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 498 миң чет элдик жаран каттоодо турат.

Copyright © 2017 Maral FM