Биз менен байланышыңыз

Кадырбеков: Парламенттеги депутаттарга эч ким добуш берген эмес

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Янв 2019 | 678 | 0

Саясатчы Ишенбай Кадырбеков “Марал” радиосуна берген маегинде парламентте отурган депутаттарга эч ким добуш берген эмес деген оюн билдирди.

Анын айтымында, азыркы шайлоо процессине партиянын тизмеси менен келүү туура эмес. Ан Конституцияда эл 120 депутатты пропорционалдык система менен шайлары жазылганын белгиледи.

«Бирок шайлоо мыйзамында бюллетенде партиянын ысымы жазылат деп жүрөт. Демек эл партияны шайлаган. Бүгүн парламентте отурган депутаттарга бирөө да добуш берген эмес. Мыйзамды оңдоп ар бир талапкерге добуш бере турган мүмкүнчүлүк түзүш керек», — дейт Кадырбеков

Copyright © 2017 Maral FM