Биз менен байланышыңыз

БатМУнун ректору: Мен тууралуу айтылгандар калп

Коом | 16 Янв 2019 | 1487 | 0

Баткен мамлекеттик университетиндеги окутуучулар окуу жайдагы коррупциялык аракеттерге каршы күрөшүү үчүн президентке кат жолдошту. Анда буга чейин бир катар текшерүүлөр орун алганына карабастан коррупциялык схема дагы деле уланып келе жаткандыгы айтылат. Кайрылууда окуу жайга студенттерди кабыл алууда коюлган тоскоолдуктардын көп экендиги да белгиленген. Алсак, 2018-жылы башкы мекемеде күндүзгү бөлүмгө 38 гана студент кабыл алынган.

Аталган окуу жайдын ага окутуучусу Кубанычбек Таиров 2017-жылы 39 диплом мыйзамсыз берилгенин айтып, 7 окутуучуга соттук өкүм чыкканы менен, мыйзамсыз аракеттин башындагылар эмес аткаруучуларга гана чара колдонулган деп жатат. Ошондой эле университеттин жетекчилиги тарабынан ашыкча чыгымдар да көп болгон. Маселен ректор Абдивап Зулпуев Францияга, Москвага жана башка өлкөлөргө жубайы менен сапарга чыкканы, анын баары университеттин эсебинен каржыланып, 2017-жылы 6 млн 230 миң 797 сом чыгымдалган.

 -Униврситеттин бюджетинин жабык мүнөздө болгондугу башкы маселе. Эч кимге университет тарабынан отчеттор да берилбейт. Айтсам кызматтык унаабыз түн ичинде Баткен шаарынан сыртка чыгып бара жатып кырсыкка учурап, айдоочу каза болду. Бир адамдын өмүрүн алган кырсык болсо деле, бул боюнча териштирүү иштери деле болгон жок. Эч ким жоопко тартылбады. Ошондой эле ректордун жыйынтыксыз, университетке пайда алып келген чет өлкөлөргө иш сапарлары көп болот. Ал эле эмес жубайын да ээрчитип, андагы чыгымдардын баары университет тарабынан төлөнөт.

Ал эми «Жогорку элдик көзөмөл» коомдук бирикмесинин түштүк аймгындагы координатору, жарандык активист Роза Маманова, Абдивап Зулпуевдин буга чейин деле бир канча коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин айтты.

-Зулпуев Абдывап, буга чейин Кызы-Кыя шаардык КИТЕП ишканасын да башкарып турган. Ошо маалда үй-бүлөлүк кланды уюштурган Зулпуев Султан деген иниси кадр маселесин чечип турган. Жасалма дипломдорду сатышкан. Бүгүнкү күндө жасалма дипломдор менен милицияда иштеп жатышат. Ошондой эле Абдывап Зулпуев КИТЕПте иштеп турганда Кызыл-Кыя шаарындагы университеттин мугалимдери үчүн берилген 3 бөлмөлүү батирди мыйзамсыз түрдө өзүнүн менчигине өткөрүп алган. Зулпуев Абдывап Баткен облусундагы эң чоң коррупционерлердин бири. Бир баласы прокуратурада отурат. Бир баласы буга чейин салык инспекциасынынын башчысынын орун басары болчу. Азыр Кадамжай районуна которулуп келди.

Жогоруда айтылган башаламандык, коррупциялык иш арекеттер боюнча БатМУнун ректору Абдивап Зулпуев менен байланышканыбызда, ал өзү жөнүндө айтылгандарды төгүндөп, университетте болуп жаткан иштердин баары мыйзамдын негизинде гана аткарылып жаткандыгын айтты.

Тендер жана башка иштердин баары мыйзам чегинде жасалууда. Айтылгандар чындыка жатпайт. Айдоочу 20 миң, мугалим 5-6 миң сом айлык алат деген кептер да туура эмес. Ар бир мугалим өзүнүн иштеген ишине жараша 10-15 миң сомго чейин айлык алышат. Ошондой эле иш сапарларга министрликтин уруксаты, окутуучулар кеңешинин чечими менен иш сапарга чыгам. Ал жерде байбичемди кошо ала турган болсом анын чыгымдарын өзүм же ал өзү төлөйт. Ал иштебеген адамга университеттен кантип акча төлөйт элем. Ал чындыка жатпаган ушак сөздөр.

Иликтөө иштери УКМКнын коррупция менен күрөшүү бөлүмүнө жүктөлгөн. Бул боюнча УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы иликтөөнү облустук прокуратурага өткөрүп бергендигин айтышты. Ал эми прокуратура кызматкерлеринин азырынча маалыматы жок.. Кошумчалай кетсек, БатМУнун октуучулары териштирүү иштери бүткөнгө чейин Абдивап Зулпуевди кызматтан алып турууну да суранышкан. Анткен менен Абдивап Зулпуев дагы деле жумушун улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM