Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: «Ак шумкарлар» бүгүн Филиппин курамасы менен беттешет

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 560 | 0

Бириккен Араб Эмираттарында өтүп жаткан Азия биринчилигинин тайпалык үчүнчү айлампасында кыргыз футбол курамасы Филиппин өлкөсүнүн курама командасы менен беттешет. Оюн бүгүн Бишкек убактысы боюнча кечки 19:30 да башталат.

«Кыргызстандын «Ак шумкар» командасы беттеш өтө турган Аль-Мактум стадионуна келип, машыгууларды өткөрүүдө.

Буга чейинки эки турда тең жеңилүүгө дуушар болгону менен, бүгүнкү беттешти утса кыргыз курамасы үчүн плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.

Эске салсак, Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө континенттеги эң мыкты 24 курама чыгып, чемпиондук үчүн ат салышууда. Кыргызстандын футбол командасы биринчи ирет катышуу укугуна ээ болду. Биринчи турда Кытай менен беттеште 1:2 эсебинде утулса, экинчи айлампада Түштүк Корея футболчуларына 0:1 эсебинде жеңилген.

Copyright © 2017 Maral FM