Биз менен байланышыңыз

Салымбеков: Футболчулар сыйлык эмес, сыймык үчүн ойношту

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Янв 2019 | 949 | 0

«Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Азия кубогунда сыйлык эмес, сыймык үчүн беттешкенин белгиледи.

Ал мындан сырткары, мамлекеттик сыйлык күтүүсүз жерден берилгенин айтты.

«Азия кубогунан соң элибиз футболго кызыгып баштады окшойт. Ал эми футбол менин каныма сиңген. Кичине кезимде футбол ойноп жүрдүм. Ага баш-отубуз менен кирдик. «Алга» командасынын машыктыруучусун таксист болуп жүргөн жеринен алып келгенбиз. Ошентип көп ийгиликтерге жетиштик. Азыр эми ден соолуугума байланыштуу футбол эмес, теннис ойнойм. Бирок мини футболго барып символикалуу түрдө катышып, дарбазачы болуп жүрөм. Аларга дагы үлгү болушум керек. Неберелеримди дагы футбол талаасына аралаштырдым», — дейт Салымбеков.

Эске салсак, 24-январда президент Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Азия кубогунда чоң жетишкендиктери, дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн улуттук курама команданын оюнчуларына жана машыктыруучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган. Анда Салымбеков III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.

Copyright © 2017 Maral FM