Биз менен байланышыңыз

Мирлан Мурзаевдин голу мыктылардын арасында экинчи орунда

Кыска кабар | 29 Янв 2019 | 671 | 0

Азия Кубогу-2019 алкагында өткөн 1\8 финалдык этабынын мыкты голуна добуш берүү аяктады. Анда кыргыз курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевдин Бириккен Араб Эмираттарына киргизген тобу добуш берүүчүлордүн 20% тандоосу менен экинчи орунга чыкты. Ал эми биринчи орунга 74% менен вьетнамдык Нгуен Конг Фунг татыктуу деп табылды.

Аталган тизмеге плей-офф баскычындагы мыкты делген алты гол киргизилген. Арасында БАЭ, Иордания жана Кытай мамлекеттеринин футболчуларынын голдору бар болчу. AFCнын расмий сайтында он күн бою жүргүзүлгөн добуш берүү кечээ жыйынтыкталды.

Эске салсак, Кыргызстан менен БАЭ курама командалары 1\8 финалында беттешип, 2:3 эсебинде эмираттыктар жеңишке жетишкен. Беттеште кыргыз курамасынын атынан биринчи голду Мирлан Мурзаев, экинчисин болсо Турсунали Ахмедов киргизди.

Азия биринчилигинин жарым финалдык беттештери жүрүүдө. Кечээ Япония командасы Иранды 3:0 эсеби менен утуп, финалга жолдомо алды. Бүгүн болсо БАЭ-Катар курамалары беттешип, жеңген курама финалда Япония менен ойнойт. Жеңилгени болсо Иран менен үчүнчүлүккө ат салышат.

Copyright © 2017 Maral FM