Connect with us

Мирлан Мурзаев: Футбол — бизнес. Бирок биздикилер кызыкпай жатат

Пикирлер | 19 Апр 2020 | 1137 | 0

-Азыр карантинде бүт тармак токтоду, анын ичинен футбол да токтоду. А сиздердин машыгууларыңыздар кандай өтүп жатат?

— Үйдөн топ менен машыгып, чуркап, тоо жакка велосипед тээп машыгып жатам. Мага жакындарым «үйдө бол» деп айтышканы менен, бул нерсе жумушума байланыштуу мага туура келбейт, биз машыгып турушубуз керек. Үйдүн ичинен машыгуу ыңгайсыз, ошондуктан эшикке чыксак да, адамдар жок жакка барып машыгууга туура келгендиктен, мен Кара-Балтанын тоолоруна велосипед менен кээде жөө басып барып машыгып, колдон келишинче эрежени сактаганга аракет кылып жатам.

Акыркы учурларда “ Дордойдун” курамы өзгөрдү. Бул сезондогу оюндар купулуңузга толуп жатабы?

— Азыркы учурду айтсак, жакын арада эле Кыргызстан чемпионатында эки оюн ойнодук. Негизинен команданын курамы жакшы топтолдук, командага мыкты оюнчулар келип кошулду. Биз бир жарым ай Анталияда даярданып келип, 2 оюнду жакшы ойнодук, мына 3-оюн болот дегенде карантин болуп калды. Ошондуктан азырынча дараметибиз тууралуу эч нерсе айта албайм.

-Эми жалпы улуттук курама команда тууралуу сөз кылсак. Улуттук кураманын ички тартиби же дисциплина кандай каралган?

— Эң негизгиси, биздин Федерацияга чоң рахматыбызды айтабыз. Федерация футболду көтөрүп, өлкөгө зор салым кошоюн деген ойлору бар. Кудай буюрса, өзүбүздүн стадионду курабыз, анан албетте, машыктыруучубуздун дагы кошкон салымы чоң. Машыктыруучубуз командага дисциплина коюп, оюнчулар бир-бирин машыгуу учурунда сыйлап турушат. Кээде чарчап барсак да, аны көргөзбөгөнгө аракет кылабыз. Жыйынтык чыгаруу үчүн машыгууну калтырбай, машыктыруучубуздун айткандарын калтырбай кылабыз. Машыктыруучубуздун келиши менен жакшы жетишкендиктерге жетишип баштадык.

— Стадион деп калдыңыз, өткөн жылы сиздер БАЭден келгенде берилген убада эле. Стадион курулуп калса, оюнчуларга кандай мүмкүнчүлүк ачып берет?

— Бизге ФИФА деле эскерткендей эле, өлкөбүзгө жаңы стадион керек. Биз ал стадиондо ойнобой калсак деле, бизден кийинки муундардан көптү күтсөк болот. Аттарын атай кетсек: Гүлжигит, Алимардон, кыскасы көп эле футболго шыктуу жигиттер бар. Алысты айтпай эле коелу, өзүбүздүн эле кошуна өлкөлөрдө Тажикстанда, Өзбекстанда стадиондору бар. «Спартак» стадионунун чөбү тууралуу канча кайрылдык, ал стадиондун чөбү күйүп кеткен, абалы канааттандырарлык эмес. Биз Түркмөнстан менен ойногондо, баары эле стадион тууралуу айтышты. Бул стадиондо деле ойной беребиз дегилечи, бирок баары бир жаңы стадионго муктажбыз.

— Кыргызстандык оюнчу Ильзат Ахметов Орусия командасынын курамына кирип кеткени ар кандай пикирлерди жаратты, анын ичинде улуттук кураманын айрым оюнчулары да чакыруу жолдоду. Бирок анын тандоосу башка болду. Сиз бул тандоого кандай көз караштасыз?

— Биринчиден, мен аны чакырган эмесмин. Ал эми Азамат Байматов жеке өзүнүн пикирин билдирди. Экинчиден, Ильзат Ахметовду чыкырганда деле ал келбейт болчу. Үчүнчүдөн,  Ильзат башка командага ойноп кеткенден кийин, ал жактын даамын сезгенден кийин артка келбейт, келсе да эс алуу үчүн гана келет. Учурунда мага деле сунуш түшкөн, бирок баш тарткам.  Менин жеке пикирим боюнча “ар бир ой баалуу” дегендей эле,  адамдын өзү туура деп тандаган тандоосуна эч сөз айта албайм. Ошондуктан ал тууралуу артынан сөз кылгым келбейт. “Саткын, биздин командада ойнобой койду” деген сыяктуу сөздөрдү айткандан алысмын. Өзүңүздөр деле көрүп тургандай, Кыргызстанга жардам берип, интервьюларында “мен кыргызстандыкмын” деп турат. Андыктан ага ийгилик каалайм, дагы да Кыргызстанды таанытып жүрө берсин.

— «Сунуш түшкөндө баш тарткам» деп калдыңыз, ал жактын шарты биздикинен кыйла жакшы экени ачык сөз. Сизди бул жакка байлаган эмне болду эле?

— Байлаган деле эч нерсе жок. «Локомотивде», Түркияда ойноп жүргөндө “паспорт жасап берели, улуттук курамага ойноп эмне кыласың” дешкендер болгон. Мен кичине кезимде эле футбол ойноп жүргөндө, Кыргызстандын улуттук курама командасында ойноо менин чоң кыялым эле. Дал ушул командада ойноп, өлкөбүздү башка өлкөлөргө таанытып, жаңы көрсөткүчтөрдү көрсөткүм келчү. Улуттук курама командага кирүү үчүн көптөгөн жерлерде ойноп, чоң аракеттин аркасынан ушу даражага жетип, анан кетип калганым туура эмес болот.

— Оюнчунун калыптануу жагына токтолсок. Сиздерди ар кандай академиялар окутат, сиз ойноп аткан клубдун дагы өзүнүн академиясы бар. Бизге машыгууларыңар эле маалым,  андан сырткары теориялык жактан кандай окутуулар жүрөт?

— Бизде теориялар болот. Оюн бүткөндөн кийин биздин кетирген каталар тууралуу 1,5-2 саат теориялык окутуу болот. Эмки оюнда ошол каталарды кайра кайталабаш үчүн ушундай теориялар сөзсүз болот. Биз теория деп ушуну эсептейбиз.

— Миңдеген, миллиондогон көрүүчүлөрдүн алдында оюнчу өзүн жоготпой, тез чечим кабыл алып ойношу үчүн кандай даярдык керек?

— Мен деле андай кырдаалдан өткөм, жаш кезде “Дордой” командасында ойноп жүргөндө биздин “Спартак” стадионубузда мелдеш болгон ошондо эл аябай көп болгон. Ошол кезде толкунданып, топту тебе албай, пас бере албай калган учурлар болгон. Бирок бул нерсе да келип өтүп кетет, эң башкысы футболчу өзүнө ишениши керек. Мен Түркияда ойноп жүргөндө, стадиондо бир да орун калбай эл толчу,  ал жактын футболу башкачараак, темпи бат болот. Жаңылып ойносоң, сөгүш уга баштайсың. Ал жактын күйөрмандары абдан эмоционалдуу болушат. Ошондуктан сүрдөй баштаганда эле, өзүңө ишенимди пайда кылсаң ал сезимдер дароо кетип калат.

— Ушундай мактоолорго алынып турган учурда “ жылдыз оорусу” деп да айтылып жүрөт шоу-бизнестин өкүлдөрүндө. Бул нерсе футболчуларда да кездешсе керек?

— Эми элдин баарына эле бирдей жага бербейсиң да, беш адамга жаксаң, жыйырма адамга жакпашың мүмкүн. Мисалы, Азияда ойноп утуп келип, бул жакка келип курама командада жаман ойноп койсоң, баягы негатив сөздөр кайра башталат. Көбүнчө адамдар бир оюнду көрүп эле жыйынтык чыгарып коюшат, а футболду жакшы түшүнгөн адамдар эч качан бир оюндан чечим чыгарып, негативдүү пикир айтпайт. Биз дүйнөлүк футболдон деңгээлибиз башкача, азырынча ага жете элекпиз. А Азия боюнча деңгээлибиз жакшы десем болот. Европага жетиш үчүн дагы аракет кылышыбыз керек.

-Футболдогу агент оюнчунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө, алдыңкы клубдар менен келишим түзүшүнө канчалык таасир этет?

— Футболдук агенттер ар кандай болот, кээ бирлери чакырып алдап коюшу мүмкүн. А кээ бирлери малды кичинекей кезинен чоңойтуп анан көп акчага саткандай эле, футболчуну жакшы командага кошуп, ал өзүн көрсөтүп, жакшы ойноп калганда башка клубдарга сатат. Мисалы, Гүлжигит Алыкуловду айтсак, «Неманга» барып, ал жактан акырындык менен чыгып отуруп, негизги командага кошулуп, белгилүү болгондон кийин ага көптөгөн клубдардан сунуш түшө баштаган. Агенттердин жумушу мына ушундай болот. Кээ бир агенттер бар, дароо эле футболчуну сатып, акча сындырууну көздөйт. Андай агенттерден алыс эле болгон жакшы.

— Ал эми улуттук курамадагы оюнчулар кандай агенттер менен иштешет? Негизинен алардын эмнесине карап келишим түзөсүздөр?

— Негизи ФИФА менен байланышкан агенттер болушу керек, башка агенттер менен байланышы болбогондор да иштеп жүрөт. Алар – агент эмес. Көп эле балдар ушундай агенттерге алданып калышкан.

— Эми жеке сизге токтолсок, мындан кийинки карьераңыз кандай уланат? “Дордойдо” кандай өзгөчөлүктөрдү күтсөк болот?

— Кудайым буюрса, бул жылы үйдө эле ойноп турам. Машыктыруучум менен сүйлөшүп, өзүм да ошентип чечтим. Сыртта жетиштүү эле ойноп келдим окшойт.

-Сиз деңгээлди көтөрүү боюнча дагы сөз кылдыңыз, ал үчүн мамлекет кандай шарттарды түзүп бериши керек? Жаштарды кызыктыруу максатында бул иштер кандай болуш керек?

— Биздин Кыргызстанда 7-8 команда бар. Мамлекет болсо, ар бир облуска стадион куруп берип, тажрыйбалуу машыктыруучуларды жибериш керек. Себеби, бизде команда аз болуп жатпайбы. Мисалы, Тажикстанда, Казакстанда канчалаган командалар бар, алардын көбүнчөсү эле бизнесмендердики. Футбол деле бизнес да. Мисалы, жакшы оюнчуну башка жакка берсең акча болот. Биздикилер футболго көп деле кызыгышпайт, эгерде ар бир облустун өзүнүн командасы болуп, 15-20 команда болгонубузда деңгээлибиз көтөрүлмөк. Бизде азыр команда аз болгону үчүн азиялык лигаларга чыга албай турабыз. Мисалы, Түркияда менин командамда ойноп 3-лигага, кийин 2ге чыгып, азыр ал бала Супер лигада ойноп жүрөт. Ал бала ошол клубга сатылган. Мурдагы клубга канчалаган акча түшүп, анан кайра ал бала 4-лига ачып, балдарды чогултуп, аларды машыктырып жатат. Бизде деле кайсы бизнесмен болбосун, стадион ачып, акчасын коротуп команда топтосо, эгерде командасында 2-3 эле жакшы оюнчу болсо, акчасын кайра бир жылда эле эки эселеп таап коюшат.

— «Александр Крестининдин келиши менен жаңы деңгээлге көтөрүлдүк» деп өзүңүз айттыңыз. Анын деңгээлди көтөрө алгандагы өзгөчөлүгү эмнеде эле?

— Курама командада 16 жашымдан бери ойноп келатам. Бардык эле машыктыруучулар аракет кылышты. Ал эми Крестининдин мүнөзү мындай, өзүн көтөрүп, текеберленген балдарды жаман көрөт. Бизде деле андай балдар жок, баарыбыз эле жөнөкөйбүз. Ким өзүн көтөрсө эле, дароо түшүрүп коет. Дисциплинаны катуу кармаган, күчтүү машыктыруучу. Биринчи машыктыруучум Давыдов, Ормонбековдор бар. Анарбек Дарданович бизди чоң футболго алып келген. Ошол машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем.

-Карьераңыз бүткөндөн кийин сиз да жогорудагы устаттарыңыздай машыктыруучу болуп калуу оюңуз барбы?

-Мага ушундай суроолор көп келет. Кудай буюрса машыктыруучу болууга ниетим бар.

Copyright © 2017 Maral FM