Биз менен байланышыңыз

Букуев: Кыргызстан Мьянманы утушуна 4 негиз бар

Кыска кабар , Спорт | 10 Окт 2019 | 874 | 0

Бүгүнкү оюн сөзсүз жеңиш менен аякташы керек. Мындай пикирин Кичи футбол ассоциациясынын жетекчиси Медет Букуев билдирди.

Анын айтымында, жеңишке 4 негиз бар.

«Биринчиден, биздин оюнчулардын тажрыйбасы менен каршылаштардыкын салыштырганда — биздики өйдөрөөк.

Экинчи бир учур, биз өзүбүздүн талаабызда ойноп жатабыз.


Кутман, Кичин, Люкс… Мьянмага каршы кимдер ойнойт?


Үчүнчүсү, биринчи оюнда кетирген кемчиликтер катары анча-мынча жылдыз оорусу менен ооруп, андан арыла албай жүргөндөр биринчи оюнда Тажикстанга туш келип калган. Азыр курам өзгөрүлүп, жетекчи тарабынан да туура чечим кабыл алынды деп ойлойм.

Төртүнчүсү, башкы машыктыруучусу айткандай, бүгүнкү күндө эң даяр, күчтүү делген бардык оюнчулар топтолгон. Ошон үчүн бүгүн жеңишке жетүүгө бардык негиз бар. Ар бир упай алтынга барабар болот. Бүгүнкү оюндун негизи мазмундуу оюн көрсөтүү жана күйөрмандардын купулуна толуу»

Кошумчалай кетсек, бүгүн Улуттук курама команда 2022-Дүйнө жана 2023-жылы Азия Кубогуна тандоо турунун алкагында Мьянма курамасы менен беттешет.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.


Футбол: Кыргызстан — Мьянма курамалары беттешет


 

Copyright © 2017 Maral FM