Биз менен байланышыңыз

Азия Кубогу: Мирлан Мурзаевдин голу мыктылардын арасында

Кыска кабар | 23 Янв 2019 | 1332 | 0

Азия Кубогунун расмий сайты биринчиликтеги эң мыкты голго добуш берүүнү баштады. Анда чемпионаттагы эң мыкты делген беш гол сунушталган. Алардын арасында Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаевтин Бирикке Араб Эмираттары менен болгон беттеште киргизген голу да бар.

Анда Мурзаев Ахлидин Исраиловдун өткөрүп берген тобун дарбазанын капталына чейин алып барып киргизген.

Тизмеде Мурзаевден башка иорданиялык Баха Абдалрахмандын Вьетнамга киргизген голу, ошол эле беттештеги вьетнамдык Нгуен Конг Хоандын тобу, эмираттардан Али Мабхуттун биздин дарбазага соккон голу жана Түштүк Корея курамасынын оюнчусу Ким Жин-Су Бахрейнге киргизген гол бар.

Биринчиликтин соңунда «мыкты гол», «мыкты оюнчу», «мыкты дарбазачы» сыяктуу кошумча номинациялар боюнча жеңүүчүлөр аныкталат.

Кошумчалай кетсек, Мирлан Мурзаевке добуш берүү үчүн бул шилтеме аркылуу кирип, баракчанын этегиндеги «Murzaev» деген графанын тушуна басасыз.

 

Copyright © 2017 Maral FM