Биз менен байланышыңыз

Султанов: АФКнын вице-президенттигине койгон талапкерлигимди Федерация чакыртып алыптыр

Кыска кабар | 7 Апр 2019 | 656 | 0

Семетей Султановдун Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлиги Футбол федерациясы тарабынан чакыртылып алынды. Мындай маалыматты федерациянын мурдагы президенти Султанов өзүнүн баракчасына жазып чыкты. Кайрылууда мындай чечим күтүүсүз болгонун айтат.

— Футбол федерациясынын президенти катары, кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын өз алдымда койгом. Ал максат федерация менен  ийгиликтүү ишке ашырылып, биздин улуттук курама командабыз мыкты оюн көрсөттү. Азия Кубогунун квалификациялык баскычынан өтүп спорт тарыхында калды. Менин келечектеги пландарымда биздин футболубузду кийинки тепкичке көтөрүү болчу. Тилекке каршы, Кыргызстан кыргыз футболун өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн колдон чыгарып жибергенине өтө өкүнүчтөмүн.

Футбол Федерациясынын маалымат кызматы азырынча комментарий берилбей турганын башка массалык маалымат каражаттарына маалымдаган.

Кошумчалай кетсек, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендиги айтылып жүргөн Семетей Султанов федерациянын президенттигинен кеткенин 7-январда жарыялаган. Анын ордуна Канатбек Маматов шайланган.

Copyright © 2017 Maral FM